Меню навигации+

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

 

Конституциялык сот 2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Т.С. Таджибаеванын кайрылуусуна байланыштуу  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемдин “же ишти карап жаткан сот,” деген сөздөр менен айтылган ченемдик жобосун Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгү, Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор менен катар эле соттун Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизүүгө ыйгарым укуктарын карайт.

Конституциялык сот өз чечиминде Конституцияда Жогорку Кеңештин депутатынын кол тийбестиги бекемделгендигин белгилейт, анын элементтеринин бири катары аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартиби каралган (78-берененин 1-бөлүгү). Депутаттын укуктук кол тийбестиги парламентарийди негизсиз куугунтуктоолордон коргоо менен ага өз функцияларын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу парламенттин табияты менен шартталган анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун атайын кепилдиктеринен турат.

Бирок депутаттын кол тийбестиги анын абсолюттук жазасыз калышын билдирбейт, тескерисинче, аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин гана белгилейт. Атап айтканда, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамда жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштаманы Башкы прокурор гана Жогорку Кеңешке киргизе тургандыгы каралган.

Конституция прокуратура органдарын мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү, кылмыш куугунтуктоо, соттук териштирүүгө катышуу, соттук чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына таандык кылгандыктан (105-берене), ага жогорку кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоо, анын ичинде депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештен макулдук алуу милдети жүктөлгөн.

 

Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашыраарын белгилеген Конституция сот бийлигин өз алдынча бийлик бутагы катары аныктайт жана ага негизги мамлекеттик функциялардын бирин жүктөйт (94-берене).

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу өзгөчө укуктук тартипте өтөт, мында сотко иштерди кароодо жана чечүүдө  мамлекеттик иштин бир дагы башка формаларында болбогон артыкчылыктар берилет. Бул тартип ар бир иштин мыйзамдуу жана адилеттүү чечилишинин бузулбас кепилдиктерин өзүнө камтыйт.

Сот адилеттигине таандык болгон принциптер – көз карандысыздык, объективдүүлүк жана калыстык, сот адилеттигин тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашыруу өз жыйындысында соттун ишинин маңызын жана мазмунун түзөт, бул мыйзамда белгиленген жол-жоболор аркылуу турмушка ашырылып, сотко гана көз карандысыз жана калыс арбитрдин ролу жүктөлөт.

Жогорку Кеңештин депутатын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн сунуштама киргизүү боюнча милдеттенмени сотко жүктөө, албетте, сот адилеттигин жүргүзүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн принциптерине шайкеш келбейт, аларды сактоосуз сот актыларынын адилеттүүлүгүн жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу мүмкүн эмес жана соттун баштапкы, конституциялык арналышына шайкеш келбейт.

Талашылып жаткан ченемдин жоболору иштин жагдайларына объективдүү укуктук баа берүүгө гана тоскоол болбостон, ошондой эле Жогорку Кеңешке сунуштама киргизүүдө айыптоочу бир беткейдикке мажбурлоо менен ар бир адамдын көз карандысыз сот тарабынан анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоону камсыз кылуу, тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу боюнча конституциялык кепилдиктерге түздөн-түз карама-каршы келет (Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү, 95-беренесинин 1-бөлүгү, 100-беренесинин 3-бөлүгү).