Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн “Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

 

 

2023-жылдын 18-октябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн “Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу сот адилеттигинин кепилдиктеринин маанилүү элементи болуп саналат жана анын негизги максаттарынын бири – жазык процессине катышкан бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жетишүүгө багытталган белгиледи. Бул конституциялык милдет мамлекетке жүктөлгөн жана коомдук, ошондой эле жеке кызыкчылыктарды коргоого багытталган.

 

Алсак, жазык процессинде күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам чыгаруучу тарабынан белгиленген коргоо механизмдеринин бири псевдоним ыйгаруу жана ага жеткиликтүүлүктү чектөө аркылуу алар жөнүндө маалыматтарга купуялуулук берүү болуп саналат. Бул чара жазык ишинин материалдарынан адамдын жеке маалыматтары жөнүндө маалымдаманы алып салуу жана аларды негизги өндүрүштөн өзүнчө сактоо жолу менен ишке ашырылат. Инсан жөнүндө маалыматтарды купуя сактоо жөнүндө чечим тергөөчү тарабынан кабыл алынат жана токтом менен таризделет, ага тергөөчүдөн тышкары прокурор менен соттун жеткиликтүүлүгү бар.

Буга макул болбогон учурда жактоочу тарапка мындай чечимге прокурорго даттануу келтирүү укугу берилет. Прокурор жазыктык куугунтуктоодон тышкары, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана купуялуулук каражаттарын мыйзамдуу колдонулушуна кепилдик берүү менен укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзөт.

Сот өзүнүн сот адилеттиги функциясын аткарууда далилдерди, анын ичинде купуя маалыматтарды алардын таандыктуулугун, жол берилишин жана аныктыгын эске алуу менен баалайт.

 

Ушуга байланыштуу, сотко чейинки өндүрүштө коргоого алынган адам жөнүндө маалыматтарга жетүүнү чектөө жөнүндө тергөөчүнүн чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө прокурордук көзөмөлдү, ошондой эле соттун купуя материалдарды түздөн-түз изилдөө жана баалоо боюнча берилген ыйгарым укуктарын камсыз кылган мыйзамда белгиленген жол-жоболордо, Конституциялык сот ар бир адамдын соттук коргоого, ишти көз карандысыз жана калыс сот тарабынан адилеттүү чечүүгө болгон конституциялык укугунун бузулгандыгын көргөн жок.

Ошону менен бирге Конституциялык сот талашылып жаткан ченем купуя маалыматка жетүү маселесинде коргоочу тарапка айыптоочу тараптагыдай процессуалдык мүмкүнчүлүктөрдү толук бербей тургандыгын белгилейт. Бирок, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын Конституциянын өңүтүндө, анын ичинде жазык сот өндүрүшүнүн алкагында коргоонун жана сактоонун маанилүүлүгүн жана артыкчылыктуулугун эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн субъекттердин өздөрүнүн процессуалдык милдеттерин жүзөгө ашыруусу тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык конституциялык принцибин бузбастан, айыптоо тарабынын жана коргоо тарабынын процессуалдык мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн жетиштүү шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.