Меню навигации+

Сакимбаева Айжан Базаркуловнанын кызыкчылыгын көздөгөн Айткулов Икрамидин Назировичтин өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 18-мартындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө А.Б.Сакимбаеванын кызыкчылыгын көздөгөн И.Н. Айткуловдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Кайрылуу субьектисинин позициясы

Арыз ээси Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 440-беренесинин 1-бөлүгүндө кассациялык инстанциядагы сотко кайрылуу укугу процесстин катышуучуларына гана эмес, ошондой эле башка кызыкдар жактарга да таандык экендиги белгиленгендигин көрсөтөт.
Кайрылуу субъектиси Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 439-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык апелляциялык тартипте даттанылбаган соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт деп белгилейт.
Муну менен арыз ээсинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесинин 2 жана 5-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, анткени аларда укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон адамдардын соттордун чечимдерине жана өкүмдөрүнө даттануу укугун караган ченемдик жоболор камтылбайт.
Жогоруда баяндалганды эске алып, арыз ээси талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.