Меню навигации+

С.А. Матцаковдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республиксынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 30-июнундагы аныктамасы менен С.А. Матцаковдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

Арыз берүүчүнүн келтирген жүйөлөрү талашылып жаткан ченемдин колдонулушу соттолгон адамдын камакта болгон убактысын, ошондой эле дарылоо мекемесинде болгон убактысын эсепке алуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугун ишке ашырууга мүмкүндүк бербей тургандыгын көрсөтөт, бул өз кезегинде сот адилеттигине жетүүгө болгон конституциялык укугун жүзөгө ашырууда тоскоолдук жаратат.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугун текшерип берүүнү суранат.