Меню навигации+

А. Э. Акынбеков жана С. А.Матцаковдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды

 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы аныктамасы менен А.Э. Акынбеков, С.А. Матцаковдун Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонун «2016-жылдын 7-июнунан тартып» деген сөздөр менен баяндалган 4-пунктунун жетинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Арыздануучулардын көз карашы

А.Э. Акынбеков, С.А. Матцаков талашылып жаткан ченемге ылайык иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы стажына 2016-жылдын 7-июнунан тартып убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек иши кирет деп белгилешүүдө.

Ушуга абйланыштуу, арыздануучулар талашылып жаткан ченемдик жобо мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча 2016-жылдын 7-июнуна чейинки эмгек ишин эсепке алуу, ошондой эле үстөк акы алуу укугун чектейт деп эсептешүүдө.

Кайрылуунун субъекттери Конституциянын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес деп белгилешүүдө

Ошентип, убактылуу жок болгон кызматчынын ордун ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар туруктуу кызматтарды ээлеген кызматчыларга караганда кодулоого алынууда, анткени алар убактылуу жок болгон кызматчынын жумушун толук кандуу аткарышууда, бирок аларга ээлеген кызматы боюнча жеӊилдетүүлөр тарабайт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, кайрылуу субъектилери талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранышууда