Меню навигации+

“Канцлер” ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн Плахутин И. В. өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды

 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 19-октябрындагы аныктамасы менен «Канцлер» ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн Плахутин Иван Викторовичтин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин маңызы боюнча» деген сөздөр менен туюндурулган ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Арыздануучу кайрылууда талашылып жаткан ченемдин колдонулушу соттук коргонуу укугун чектей тургандыгын белгилейт, анткени соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын иштин маңызы боюнча гана кабыл алынган жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.

Мындай жагдай, арыз ээсинин пикири боюнча негизсиз, мыйзамсыз жана адилетсиз факт болуп саналат, бул өз кезегинде соттор тарабынан сот адилеттигин жүргүзүүнүн объективдүүлүгүнө күмөн жаратат.

Баяндалганды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.