Меню навигации+

Г.С. Дуйшенбекованын кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 19-июнундагы аныктамасы менен Г.С. Дуйшенбекованын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153- беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Талашылып жаткан ченемдер сотко чейинки өндүрүштү баштоого себеп болгон учурдан тартып тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүнү, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү токтоосуз баштоону болжолдогон кечиктирилгис аракеттер боюнча прокурордун жана тергөөчүнүн милдеттерин караштырат.

 

Г.С. Дуйшенбекова Конституциянын 95-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык судьялар көз карандысыз, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет, кол тийгис укугуна ээ жана кылмыш жасаган жеринен тутулган учурларды кошпогондо, кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө же жеке текшерилүүгө жол берилбейт деп белгилейт.

Арыз ээси болжогондой, талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун макулдугусуз кылмыш жөнүндө маалыматтарды каттоого жана сотко чейинки өндүрүштү, анын ичинде судьяга карата да жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми судьяга карата кылмыш ишин козгоо үчүн негиздердин бар же жок экендиги жөнүндө юридикалык баа берүүгө укугу бар адамдардын чөйрөсүн чектөө зарылдыгына байланыштуу судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу Башкы прокурорго гана берилген.

Кайрылуу субъектиси кол тийбестик судьялардын көз карандысыздыгынын эң маанилүү укуктук кепилдиги катары кызмат кылгандыктан, жазык-процесстик мыйзамдарда судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартиби каралышы керек деп эсептейт. Бул коом жана мамлекет судьяларга жана алардын кесиптик ишине жогорку талаптарды коюу менен судьяларга сот адилеттигин талаптагыдай жүзөгө ашыруунун кошумча кепилдиктерин камсыз кылууга тийиш экендиги менен шартталган.

Баяндалгандарды эске алуу менен, Г.С. Дуйшенбекова талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.