Меню навигации+

А.В. Заяцкийдин кызыкчылыгын көздөгөн А.М. Курманбаеванын жана З.К. Мырзапаязованын кызыкчылыгын көздөгөн А.К. Курмушиевдин жана башкалардын өтүнүчтөрү боюнча пресс-анонс

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 7-декабрындагы токтомдору, ошондой эле Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы жана 20-декабрындагы, 2024-жылдын 27-январындагы аныктамалары менен айрым жарандардын (А.В. Заяцкийдин кызыкчылыгында А.М. Курманбаева; З.К. Мырзапаязованын кызыкчылыгында А.К. Курмушиев; Жолдошалиева А.К. жана Дыйканбаева С.К.; А. Абдукаликовдун кызыкчылыгында А.Т. Исраилов; М.О. Жапаралиевдин кызыкчылыгында У.Т. Джапаралиев; А.Б. Асанкожоеванын кызыкчылыгында К. Жумалы уулу) Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексинин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъекттеринин позициялары

 

Кайрылуунун авторлору талашып жаткан ченемге ылайык, эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн экендигин белгилешет.

Талашылып жаткан ченемдин колдонулушу Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргоо укугун ишке ашыруунун мүмкүн эместигине алып келген. Башкача айтканда, белгиленген убакыттык чектерге байланыштуу мыйзам чыгаруучу негизсиз 10дон ашык жыл мурда кабыл алынган актыларды мыйзамдуу жана сотто талашууга жатпайт деп тааныйт, ошону менен соттук коргоо укугун иш жүзүндө жокко чыгарат.

Эгерде доо коюунун өткөрүп жиберилген мөөнөтү сот тарабынан жүйөлүү деп табылса, анда ал эч кандай ченемдик укуктук акт менен чектелбеши керек жана өзүнүн менчигин сот аркылуу коргоо укугу бузулбас болууга тийиш. Талашылып жаткан ченем жарандардын укук бузуулар тууралуу көп жылдардан кийин билсе дагы, өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышы мүмкүн. Мыйзамдар чындыкты жана адилеттикти орнотууга тоскоол болбошу керек.

Жогорудагыларды эске алып, жогоруда көрсөтүлгөн кайрылуу субъекттери талашып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранышат.