Меню навигации+

Тахмина Саматкановна Таджибаеванын суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынгандыгы жөнүндө

 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 26-сентябрындагы аныктамасы менен судья Тахмина Саматкановна Таджибаеванын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин көз карашы

 

Талашылып жаткан ченемге ылайык Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор же ишти карап жаткан сот Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизет.

Судья Т.С. Таджибаева Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырыраарын, сот өндүрүшү тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылаарын белгилейт, анын негизинде сот талашылып жаткан ченемдин жоболорунан келип чыккандай жазык куугунтугун жүзөгө ашыруучу орган боло албайт деп болжолдойт.

 

Ошону менен бирге, жазык-процесстик мыйзамдардын, «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын ченемдеринде соттордун компетенциясында депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштама менен Жогорку Кеңешке кайрылуу укугу каралган эмес жана сунуштаманы Жогорку Кеңешке жиберүү боюнча соттун процесстик аракеттерин аныктоочу жоболор камтылган эмес.

 

Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча, сот тарабынан мындай сунуштаманы киргизүү Конституциянын 100-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын принциптерин одоно бузат.

 

Ушуга байланыштуу, судья «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүн Конституцияга ылайык келишин текшерүүнү суранат.