Меню навигации+

Пресс-анонс Расулжан Тахиржанович Исакжановдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынгандыгы жөнүндө ж

 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 17-октябрындагы аныктамасы менен Расулжан Тахиржанович Исакжановдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектисинин көз карашы

Арыздануучу кайрылуусунда Конституциянын 64-беренесине ылайык адвокаттардын өз алдынча башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатуранын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат деп белгилейт. Бул конституциялык жобону жүзөгө ашыруу үчүн «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзам кабыл алынган, ага ылайык, Адвокатура – бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти  өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу жана жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт (2-берененин 1,2-бөлүктөрү).

Бирок талашылып жаткан ченемге ылайык адвокаттар мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү адамдардын катарында аныкталган.

Р.Т. Исакжановдун пикири боюнча, адвокаттар тарабынан мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билбөө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланбоо Конституция менен корголгон баалуулуктарга эч шек келтириши мүмкүн эмес.

Баяндалганды эске алуу менен кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.