Меню навигации+

Таалайкул Аскаралиевна Токтакунованын өтүнүчү боюнча пресс-анонс

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 25-сентябрындагы  аныктамасы менен Т.А. Токтакунованын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 439-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Арыздануучунун ырастоосуна ылайык, КЖПКтын 439-беренесинин 4-бөлүгү Жогорку сотко соттук чечимдин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө кассациялык контроль жүргүзүүгө тыюу салат, бул Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгүндө кепилденген жарандын соттук коргоого болгон укугун чектейт.

Кайрылуу субъектиси конституциялык ченемдер адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү максатында соттук каталарды оңдоону жана төмөн турган соттордун чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү караштыраарын көрсөтөт. Соттук коргонуу жана ишти жогору турган сот тарабынан кароо укугун чектөөгө жол берилбестик, адамдын өзү бул укуктан, ошондой эле сот актысын жогору турган сотко даттануудан баш тарткан учурларды кошпогондо, кандай гана маселе болбосун сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн болжолдойт.

Баяндалганды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси КЖПКтын 439-беренесинин 4-бөлүгүнүн “Мындай аныктамалар кассациялык даттанууну же ушул иш боюнча кабыл алынган акыркы соттук чечимге сунушту кароо менен бир мезгилде, кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосун Конституциянын 23-беренесинин 1, 2, 4-6-бөлүктөрүнө, 55, 56-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө жана 61-беренесинин 1,2- бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.