Меню навигации+

Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Кутман Бактыбекович Кубатбековдун кайрылуусу боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 26-майындагы аныктамасы менен Т.А. Алмазбековдун, К.Б. Кубатбековдун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчаларынын, 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Арыздануучулардын көз карашы

Арыздануучулар, талашып жаткан ченемдерге ылайык, банктар салык органдары менен өз ара аракеттенүү максатында салык органдарынын суроо-талабынын негизинде салык төлөөчүлөрдүн эсептеринин ачылышы, жабылышы жана болуусу жөнүндө, алардын номерлерин көрсөтүү менен; уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө, ошондой эле алардын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө милдеттүү деп белгилешүүдө.

Арыздануучулардын пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдер салык органдарына банктык сырды түзгөн купуя маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү боюнча өлчөмдөш эмес, өтө кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды берүү менен алардын ыйгарым укуктарын негизсиз кеңейтүүгө түрткү берет.

 

Кайрылуу субъекттери белгилешкендей, адамдын жеке жашоосунун ар түрдүү көрүнүштөрүнүн негизинде жеке жашоо жөнүндө маалыматтын укуктук мазмуну толук болушу мүмкүн эмес, андыктан мындай түрдөгү маалыматка жашыруун мүнөздөгү ар кандай маалыматтар кириши мүмкүн, тиешеси жок адамдардын ага жетүүсү жарандын макулдугу менен, же болбосо анын макулдугусуз мыйзамдын тикелей көрсөтмөсү менен, бирок аны алуунун жана пайдалануунун негиздерин, шарттарын жана тартибин кыйшаюусуз жана кылдаттык менен сактоо менен гана мүмкүн. Адамдын жеке жашоосу жөнүндө маалыматтар менен иштөөнүн негизги шарты катары анын мындай маалыматтар менен аракеттердин бардык түрлөрүнө макулдугу көрсөтүлөт.

Арыздануучулардын пикири боюнча, жеке маалыматтар жөнүндө маалыматты мыйзамсыз алуу, пайдалануу жана жайылтуу жеке адамдын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирет же зыян келтирүү коркунучун жаратат, муну менен жеке турмуштун кол тийбестигине болгон укукту жана адамдын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты, анын макулдугусуз чогултууга, сактоого, пайдалануу жана таратууга болгон конституциялык тыюуну бузат, мындай маалымат мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот жана ага байланышкан мамилелер атайын мыйзамдык жөнгө салуунун предмети болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранышууда.