КЫДЫРБАЕВ Кырккелди Джумалиевич
Конституциялык соттун судьясы
1961-жылдын 1- апрелинде Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылында төрөлгөн.
1983-жылы СССР ИИМ Караганды жогорку мектебин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Юридикалык кесипке ээ болгондон кийинки эмгек ишмердиги:
1983 – 1988 – жылдары Кара-Балта шаардык аткаруу комитетинин ИИБ СМУКБ (ОБХСС) инспектору, ага оперкызматкери болуп эмгектенген.
1988 – 1989 – жылдары СССР ИИМ Караганды жогорку мектебинин окутуучусу.
1989 – 1992 – жылдары РФнын ИИМ милициясынын Москва жогорку мектебинин адъюнкту.
1992 – жылы КР ИИМ Бишкек жогорку мектебинин окутуучусу.
1992 – 1993 – жылдары КР ИИМ КЭККББ ага оперкызматкери.
1993 – 1996 – жылдары Талас облусунун ИИБ ЭККБ начальниги.
1996 – жылдын июнь айынан 1997 – жылдын декабрь айына чейин Талас облусунун ИИБ начальнигинин орун басары.
1997 – жылдын декабрь айынан 1999 – жылдын март айына чейин КР Президентинин Администрациясынын коргоо, коопсуздук жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүнүн, КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын референти.
1999 – жылдын март айынан 2000 – жылдын август айына чейин КР ИИМ Бишкек жогорку мектебинин начальнигинин биринчи орун басары.
2000 – 2004 – жылдары КР ИИМ милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын начальнигинин биринчи орун басары, кафедранын начальниги, кафедранын доценти, начальниктин жардамчысы.
2004 – 2005 – жылдары КР ИИМ Башкы штабынын начальниги.
2005 – 2008 – жылдары КР ИИМ Башкы тергөө башкармалыгынын начальниги.
2008 – 2009 – жылдары КР ИИМ ички коопсуздук кызматынын начальниги.
2009 – жылы – КР ИИМ Башкы штабынын начальниги.
2009 – жылдын декабрь айынан 2010 – жылдын июль айына чейин КР ИИМ кадрларынын карамагында.
2011 – жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2011 – жылдын август айынан 2019 – жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы.
2019 – жылдын 18 – декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.
Юридика илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси, милициянын полковниги.
2025-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл” медалы менен;
2026-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Ак ниет кызматы үчүн” медалы менен;
1982-жылдын 14-сентябрында Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы менен;
1986-жылдын 3-ноябрында Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы менен;
1987-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ардак грамотасы менен;
1989-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ардак грамотасы менен;
1994-жылдын 17-октябрында “ИИМдеги мыкты кызматы үчүн” төш белгиси менен;
1994-жылдын 28-октябрында “Кыргыз милициясына 70 жыл” юбилейлик медалы менен;
2000-жылдын 12-июнунда ИИМ Академиясынын Ардак грамотасы менен;
2000-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ардак грамотасы менен;
2004-жылдын 28-октябрында “Кыргыз милициясына 80жыл” юбилейлик медалы менен;
-2005-жылдын 26-октябрында 1-даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы менен;
2006-жылдын 29-августунда 1-даражадагы «Азамат» медалы менен;
2006-жылдын 6-ноябрында «Ардактуу тергөөчү» төш белгиси менен;
2007-жылдын 30-июлунда “ИИМдин мыкты кызматкери” төш белгиси менен;
2009-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМ КМББнын “Эмгек сиңиргендиги үчүн” медалы менен;
2022-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2-даражадагы “Ак ниет кызматы үчүн” медалы менен;
2024-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин “Сот тутумунун алдындагы эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.
2024-жылдын 18-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи” наамы ыйгарылган.
Жогорку квалификациялык класстагы судья
Үй-бүлѳлүү, үч кызы жана уулу бар.







