Жарандык процесстик кодекстин 331-беренесинин 3-пунктчасын, 356-беренесинин 3-,4-пунктчаларынын конституциялуугун текшерүү жөнүндө
2014-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ачык соттук жыйналышта Жарандык процесстик кодекстин 331-беренесинин 3-пунктчасынын, 356-беренесинин 3-,4-пунктчаларынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады жана аталган иш боюнча өзүнүн чечимин чыгарды.
Ишти кароонун себеби катары жаран Ж. Алиевдин кайрылуусу табылган.
Маселенин тарыхы
Ж. Алиев Кара-Кѳл шаарынын мэринин милдетин аткаруучунун 2011-жылдын 25-февралындагы №80-б буйругунун негизинде вице-мэр милдетин аткаруучунун кызматынан бошотулган. Ж. Алиев аталган буйрук менен макул болбой, Кара-Кѳл шаардык сотуна кайрылган жана Кара-Кѳл шаардык сотунун 2011-жылдын 27-апрелиндеги чечими менен Ж. Алиевдин доо арызы толугу менен канааттандырылган. Бул чечим жоопкер Кара-Кѳл шаарынын мэриясы тарабынан Жалал-Абад областтык сотуна даттанылган. Жалал-Абад областтык сотунун 2011-жылдын 16-июнундагы аныктамасы менен апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. Жогорку соттун соттук коллегиясы 2011-жылдын 9-декабрында жоопкер-тараптын даттануусун кѳзѳмѳл тартибинде карап, Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы бузулсун, иш кайра апелляциялык тартипте кароо үчүн ошол эле сотко жиберилсин деп токтом кылган. Ишти жаңыдан кароодо, Жалал-Абад областтык сотунун соттук коллегиясынын 2012-жылдын 20-февралындагы аныктамасы менен биринчи инстанциядагы соттун чечими толугу менен алынып салынып, иш боюнча ѳндүрүш кыскартылган. Ж. Алиев бул аныктамага даттануу менен кайрылганда, Жогорку соттун соттук коллегиясы 2012-жылдын 26-ноябрында экинчи инстанциядагы соттун аныктамасын жокко чыгарып, Ж.Алиевдин Кара-Кѳл шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 25-февралындагы №80-б буйругун жокко чыгаруу жана аны кайра ээлеген кызматына орноштуруу жѳнүндѳ доо арызы канааттандыруусуз калтырылсын жана Ж. Алиевдин кѳзѳмѳл тартибиндеги даттануусу канааттандырылбасын деп жаңы чечим кабыл алган.
Кайрылуучунун позициясы
Арыздануучу, ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы, 356-беренесинин 3-,4-пунктчалары менен жѳнгѳ салынган апелляциялык жана кѳзѳмѳл инстанциядагы соттордун ыйгарым укуктары, сот адилеттигинин принциптерин бузуп, соттук коргонуу укугун ишке ашырууга тоскоолдук түзүшүүдѳ деген пикирде. Ушул себептен талашылып жаткан укуктук ченемдерди, Конституциянын эч чектелүүгө тийиш эмес болгон соттук коргонуу укугун белгилеген 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана соттун Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укугу жок экендигин белгилеген 101-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп табууну суранды.
Конституциялык палатанын позициясы
Соттук коргонуу укугунун таасирдүү кепилдиги болуп, жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароо мүмкүнчүлүгү эсептелет. Бул багытта, Конституция эч чектелүүгө тийиш болбогон, соттук коргонуу укугунун курамдык бөлүгү катары, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун максаттуу түрдө бөлүп белгилейт (20-берененин 5-бөлүгүнүн 3-пункту).
Ушул конституциялык көрсөтмөнү ишке ашыруу максатында, ишти кайра каратууга болгон укукту жүзөгө ашыруу укуктук механизмин (ар бир сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) камсыздоо үчүн адамдын жана жарандын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасынын алкагында, төмөнкү инстанциядагы соттордун актыларын жогору турган сотторго даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган.
Конституциялуулугу талашылып жаткан 356-берененин 3-пунктчасына ылайык, кѳзѳмѳл тартибинде сот, эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарууга же болбосо өзгөртүүгө жана ишти жаңыдан кароого жибербестен жаңы чечим чыгарууга укугу бар экендиги аныкталган. Эгерде сот колдонууга туура келген мыйзамды колдонбой же колдонууга туура келбеген мыйзамды колдонсо, анда материалдык укуктун ченемдери туура эмес колдонулган, ал эми соттун чечими мыйзамдуу эмес деп таанылып, жокко чыгарылууга тийиш.
Ошентип, кѳзѳмѳл иретиндеги ѳндүрүш, укуктун үстѳмдүгүн жана мыйзамдын бирдей колдонушун камсыздаган укуктук коргонуунун таасирдүү ыкмасы болуп таанылат жана көзөмөл инстанциядагы соттун ЖПКнын 356-беренесинин 3-пунктчасында белгиленген ыйгарым укугу соттук коргонуу укугун ишке ашыруунун бирден-бир механизми катары каралат. Демек, аталган ыйгарым укук, кайрылуучу тарап жактан белгиленген Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет деп табууга негиз жок.
ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы жана 356-беренесинин 4-пунктчасы менен, областтык соттун соттук коллегиясы апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурда биринчи инстанциядагы соттун чечимин, ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы ишти көзөмөл тартибинде караганда, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга укуктары бар экендиги кѳрсѳтүлгѳн.
Ал эми, ЖПКнын 333-беренеси жана 357-беренесинин 3-бөлүгү менен, биринчи инстанциядагы соттун чечими апелляциялык тартипте, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук актылар көзөмөл тартипте ЖПКнын 221- жана 223-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды карабастан калтыруу же иш боюнча өндүрүштү токтотуу менен жокко чыгарылары каралган.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар, бардык инстанциядагы соттордон ишти кароодо, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл тартиптериндеги даттанууларда жана талаптарда камтылган жүйөөлөрдөн көз каранды болбостон, арызды карабастан калтыруу же иш боюнча өндүрүштү токтотуу үчүн ЖПКнын 221- жана 223-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздерди текшерүүнү талап кылат.
ЖПКнын 221- жана 223-беренелеринде кѳрсѳтүлгѳн арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга мүмкүнчүлүк берген негиздер, мыйзам чыгаруучу тараптан, сот ѳндүрүшүнүн натыйжалуулугун камсыздоо, сот териштирүүнү негизсиз жүргүзүүгѳ жол бербѳѳ жана негизинен процессуалдык үнѳмдүүлүк, материалдык укуктун нормаларын бир түрдүү колдонуу максаттарында аныкталган.
Демек, Конституциянын башка ченемдери менен бирге өз ара байланышта каралуучу Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялык-укуктук мааниси, мыйзам чыгаруучу көздөгөн жана бул ченемдерде камтылган максаттарды эске алуу менен, көзөмөл инстанциядагы соттун жана апелляциялык соттун ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы жана 356-беренесинин 4-пунктчасы менен белгиленген ыйгарым укуктары, Конституцияга карама-каршы келишпегендигин билдирет.
Конституциянын 101-беренесине ылайык, сот Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз, эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талапты жиберет.
Бул конституциялык жобонун маңызы боюнча ченемдик укуктук акт Конституциянын 97-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Конституциялык палатанын чечими менен гана Конституцияга карама-каршы келери аныкталат. Мындан соң Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны соттор тараптан колдонууга тыюу салынат. Ал эми, кайрылуучу талашып жаткан ЖПКнын ченемдери Конституциялык палата тараптан Конституцияга карама-каршы келет деп табылган эмес жана ЖПКнын жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ченемдери боюнча, соттордо алардын конституциялуулугу күмѳндүүлүктү жараткан эмес.
Демек, Ж.Алиев тарабынан конституциялуулугу талашылып жаткан ЖПКнын беренелери Конституциянын 101-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама каршы келет деп таап берүү талабын текшерүүгѳ негиз жок.
Конституциялык палатанын бул чечими боюнча судья Э.Ж. Осконбаевдин ѳзгѳчѳ пикири бар.
Процессте төрагалык кылган КАСЫМАЛИЕВ Муканбет Шадыканович
Судья-баяндамачы СООРОНКУЛОВА Клара Сыргакбековна