Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» 2018-жылдын 31-майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
2022-жылдын 30-ноябрында Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бирикмеси» Коомдук бирикмесинин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» 2018-жылдын 31-майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.
Чечимде белгиленгендей, соттук караштуулук тутумунда башкы орунду конституциялык контроль ээлейт, ал укуктук актылар тутумунда Конституциянын юридикалык үстөмдүгүн камсыз кылууга, ошону менен, Баш Мыйзамда бекитилген коомдук жана мамлекеттик түзүлүштүн майтарылбастыгына, инсандын укуктук макамынын туруктуулугуна, укуктун бардык субъектилери тарабынан конституциялык талаптардын кыйшаюусуз аткарылышына жетүүгө багытталган. Биринчи кезекте ченемдик-укуктук мүнөзгө ээ болгон бардык актылардын Конституцияга иерархиялык кошо баш ийүүсүн камсыз кылууга багытталган өзгөчө контролдук функция, конституциялык контролдун чектерин аныктоо боюнча Конституциялык соттун көз карашы акыркы болуп саналат жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүн бүтүндөй камтууга тийиш жана мыйзамдардагы аныктамаларга көз каранды болушу мүмкүн эмес. Башкача айтканда, конституциялык контролдун табияты анын ченем жаратуунун бардык тармагында мыйзамдуулуктун негизги гаранты катары иштешин шарттайт, ал ченем жаратуучу органдардын иши менен чектелбеген, адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жана бир нече жолу колдонууга эсептелген, жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелерин камтыган бийлик органдарынын кандай гана актылары болбосун, алардын Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү чөйрөсүн камтууга тийиш. Болбосо, бул укуктук мамлекет конституциялык принцибинин бузулушуна алып келет.
Өз кезегинде, Жогорку соттун Пленумунун токтомдорунун конституциялуулугун текшерүү зарылдыгы, мындай токтомдорго ченемдик укуктук актыларга таандык жөнгө салуу функциялары берилген учурда келип чыгат, алардын жалпыга милдеттүүлүгү төмөн турган соттордун укук колдонуу иши үчүн милдеттүү болуп, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин кемсинтүүгө олуттуу тобокелдерди жаратышы мүмкүн.
Жогорку соттун Пленумунун токтомунун талашылып жаткан ченемдик жобосуна келсек, аны туюндуруу үчүн колдонулган юридикалык техника, ошондой эле жыйынтыктоочу соттук актыларды кабыл алууда жалпы юрисдикция сотторунун ага түздөн-түз шилтеме берүү фактылары укук колдонуу процессинде процесстик укуктун ченемдеринин касиеттерин алгандыгын күбөлөндүрөт. Ушуга байланыштуу, түшүндүрүү формасында келтирилген мындай милдеттендирүүчү көрсөтмөлөр конституциялык контролдоо чөйрөсүнүн карамагынан чыгарылышы мүмкүн эмес.
Бул ишти кароо процессинде Конституциялык сот Жогорку соттун талашылып жаткан түшүндүрмөсү белгиленген мыйзамдык процедураларды сактоо зарылдыгы менен шартталган деген тыянакка келди, аларды жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинде жана административдик иш жана административдик процедуралар жөнүндө мыйзамдарда аныкталган. Демек, Жогорку соттун Пленумунун токтомунун талашылып жаткан ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында кабыл алынган.
Жогорку соттун түшүндүрмөсүнүн конституциялуулугу Министрлер Кабинетинин Типтүү жобосунун жана Бишкек шаардык кеңеши 2020-жылдын 14-январында бекиткен № 141 жобонун аракеттеринен улам келип чыккан, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жер участогун берүү боюнча комиссиянын терс сунушу болгон учурда да, укуктук актыларды кабыл алганга милдеттендирген укуктук механизм каралган эмес.
Натыйжада, Жогорку соттун Пленумунун талашылып жаткан ченемдик жобосунун Министрлер Кабинетинин Типтүү жобосу жана Бишкек шаардык кеңеши 2020-жылдын 14-январындагы бекиткен № 141 жобо менен комплекстүү иштеши белгиленген маселе боюнча ар бир адам тарабынан соттук коргоо укугун ишке ашыруунун мүмкүн эместигине алып келди.
Соттук коргоого болгон укук жөнүндө конституциялык орнотмолорго ылайык, ченем жаратуучу органдар тарабынан маанилүү конституциялык баалуулуктарга киргизилген бул укукту камсыз кылууда бардык процесстик механизмдер жана шарттар караштырылууга тийиш жана аны ишке ашырууда эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек.
Ошентип, сот өндүрүшүнүн процесстик формасына карабастан, бийликтин кайсы болбосун ыйгарым укуктуу органына өз чечимдерин укуктук актыларга келтирүү милдетин караган жана бекитилген процедуранын болушу ар бир адамдын соттук коргонууга болгон конституциялык укугун толук кандуу ишке ашыруу үчүн зарыл шарт болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинетине жана Бишкек шаардык кеңешине жер маселелери боюнча комиссия оң же терс кабыл алынган чечимине карабастан, ыйгарым укуктуу органды тиешелүү укуктук актыны чыгарууга милдеттендирген укуктук механизмди киргизүү үчүн өз жоболоруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы берилди.