Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 222-беренесинин 6-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

 

 

Конституциялык сот 2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары – Жарандык процесстик кодекс) 222-беренесинин 6-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Конституциялык соттун чечими менен Жарандык процесстик кодекстин 222-беренесинин 6-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө өзү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн доогер сотко жүйөлүү себептерсиз бир жолу келбесе, сот арызды кароосуз калтырууга жол берилген өлчөмдө карама-каршы келет деп табылган.

Конституциялык көзөмөл органы өзүнүн укуктук позициясын негиздеп, Чечимде сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн гана билдирбестен, ошондой эле акыркы натыйжага жетүү үчүн бардык соттук жол-жоболор негизсиз тоскоолдуктарды камтыбастан, процесстин катышуучуларынын инсандыгына жана соттук териштирүү процессинин предметинин мүнөзүнө карабастан бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр берилип, ар бир адамдын иши сот тарабынан биротоло чечилишине жетишүү ниетинин ишке ашуусун билдирээрин белгилеген.

Каралып жаткан маселенин контекстинде мыйзам чыгаруучу сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде соттук иштерди созудуктурууну болтурбоо боюнча процесстик чараларды киргизүүдө, алардын акылга сыярдуулугуна жана өлчөмдөш болушуна, теңдештик принцибинин, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жетүү укугунун артыкчылыктыгына жана анын ишинин сот тарабынан биротоло чечилишине таянууга милдеттүү.

Жарандык процессте доогер менен жоопкердин ролу өзүнүн мүнөзү боюнча ар түрдүү болуп саналат, ал эми алардын жүрүм-турумдук компоненти иштин предметине жана конкреттүү жагдайларына жараша болот. Буга карабастан, доогер үчүн да, жоопкер үчүн да соттук жол-жоболор алардын кызыкчылыктарын коргоонун процесстик каражаттарына жана адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укуктарынын сот алдындагы эквиваленттүүлүгүнүн постулатына негизделиши керек.

Сот өзүнүн жогорку милдетин толук жана натыйжалуу аткаруусу үчүн мамлекет ага мамлекеттик бийликтин мажбурлоо ыйгарым укуктарын пайдалануу укугун, анын ичинде укукка жана сотко урмат-сый менен мамиле кылууну калыптандыруу максатында жүктөйт. Мисалы, соттун чакыруусу жана башка талаптары бардык адамдар үчүн милдеттүү жана так аткарылууга тийиш. Аларды аткарбоо мыйзамда каралган санкциялык чараларга (жазага) жана башка жоопкерчиликке алып келет, алар дайындалышы  боюнча сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуучу механизм катары кызмат кылат.

Ишке катышуучу адамдардын сотко келүүдөн качуусу сотту сыйлабастыктын формаларынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу жарандык процесстик мыйзамдарда адамдарды процесске катышууга мажбурлоо, анын ичинде  Жарандык процесстик кодекстин 222-беренесинде каралган негиздер келип чыккан учурда арызды кароосуз калтыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Доогерге карата мындай процесстик чара процесстин андан ары өнүгүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөйт, натыйжада доогер процесске чейинки абалына кайтып келет. Муну менен арызды кароосуз калтыруунун доогер үчүн жагымсыз кесепеттери ачык-айкын: мамлекеттик алымды кайра төлөө зарылчылыгы келип чыгат, соттук териштирүүнүн жыйынтыгына жетүү мөөнөтү узарат, кайра берүү убактысы доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн токтотпойт, күчү, каражаты жана убактысы текке кетет.

Жарандык процесстик мыйзамдарды жана алардын процесстин катышуучуларынын укуктарына тийгизген таасирин талдоо сот тарабынан процесстик таасир этүүнүн чараларын колдонуу маселесинде процесстин катышуучуларынын (доогер менен жоопкердин) тең укуктуулук принцибинин бузулушу, ошондой эле бир тартип бузуу жоопкерчиликтин ага өлчөмдөш бир чарасына кириптер кылууга тийиш болгон маанилүү эреже этибар алынбай жаткандыгынын бар экендигин айгинелейт.

Ушуга байланыштуу, доогер – иштин жыйынтыгына көбүрөөк кызыкдар адам жүйөлүү себепсиз сотко бир жолу келбей койгондугуна байланыштуу, бул соттук процесстин алкагында аны сот тарабынан иштин биротоло чечилишине жетишүү мүмкүнчүлүгүнөн, мамлекеттик алымды кайтарып алуу укугун жоготуусу менен ажыратуу, доогерге карата ашыкча процесстик санкция болуп саналат жана анын сот адилеттигине жетүүгө, сот тарабынан ишти өз убагында кароого жана чечүүгө болгон укугун өлчөмдөш чектейт.

Процесстин ак ниет катышуучуларынын укуктарынын реалдуу кепилдиктерин камсыз кылуу жана арызды кароосуз калтыруу институтунун максатына жетүү (процесстик укуктарды кыянаттык менен пайдаланууну жана процесстик милдеттердин аткарылбашына бөгөт коюу) колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтпөстөн мүмкүн эмес.