Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
2024-жылдын 21-февралында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө (мындан ары – КЖПК) ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.
Чечимде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргонуу укугу бардыгын камтыган мүнөзгө ээ болуу менен адамдын башка бардык укуктарына карата камсыздоо-калыбына келтирүү функциясын аткарууга жана конституциялык кепилдиктердин бүтүндөй комплексине таасир этүүгө жөндөмдүү экендиги белгиленген, андыктан өзүнө мамлекет тарабынан жогорку көңүл бурууну талап кылат.
Өз кезегинде, соттук коргонуу укугунун таасирдүүлүгү жана натыйжалуулугу сот түзүлүшү жана соттук жол-жоболор жөнүндө тийиштүү укуктук базаны түзүүгө, сот тутумунун жана судьялардын бардык зарыл нерселер менен камсыз болушуна гана эмес, оболу сот бийлигинин жалпысынан жана ар бир судьянын өзүнчө алганда көз карандысыздыгынын шарттарынан көз каранды. Ошондуктан Конституция бул маселеге өзгөчө маани берет жана 95-берененин 1-4-бөлүктөрүндө судьянын конституциялык-укуктук статусун атайын баса белгилеп, анын көз карандысыздык концепциясын бекемдегени бекеринен эмес.
Судьялардын көз карандысыздыгы – бул өзгөчө укук жана артыкчылык эмес, ал укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу жана демократия принциптери басымдуулук кылган, адам укуктары урматталган жана сакталган адилеттүү коомду куруу негизинде жаткан адилеттүү, калыс жана натыйжалуу сот адилеттигинин кепилдиги.
Судьянын кол тийбестиги так жана прагматикалык максатты көздөйт, тактап айтканда, судьяга кандай гана формада болбосун куугунтуктоодон коркпостон, өзүнүн конституциялык милдетин – сот адилеттигин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Судьянын көз карандысыздыгын камсыз кылуу системасынын маанилүү компоненти болуп жазык ишин козгоонун атайын жол-жобосун жана аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин болжолдогон жазык жоопкерчилигинен иммунитет саналат.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КЖПКнын 495-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык судьяга карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим Башкы прокурор тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн, бул анын өзгөчө конституциялык-укуктук статусун таануу жана мындай маанилүү чечимди кабыл алууда укуктук жоопкерчиликтин жана объективдүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылуунун процессуалдык кепилдиги болуп саналат. Сотко чейинки өндүрүштүн ушул жана кийинки стадияларында Башкы прокурордун ролу негизги болуп саналат жана судьяга мыйзамсыз таасир этүүнү болтурбоо жана тергөө органдарынын калыстыгын камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнө жана КЖПКнын 497-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жетиштүү негиздер болгон учурда судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айып коюу) Судьялар кеңешинин макулдугун алуу зарыл.
Ошентип, түздөн-түз Башкы прокурор тарабынан жазык ишин козгоо; биринчи кезекте судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чакырылган соттук өз алдынча башкаруу органы – Судьялар кеңешинин макулдугусуз судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун мүмкүн эместиги; Башкы прокурордун өзү жетектеген прокуратуранын жогорку органы тарабынан сотко чейинки бүткүл өндүрүштүн жүрүшүндө тергөө органдарынын ар бир аракетинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруу судьяны жазыктык куугунтуктоо демилгесинин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө жана Конституцияда, ошондой эле мыйзамдарда бекитилген анын көз карандысыздык принцибинин бардык түзүүчү компоненттеринин сакталышына кепилдик болуп кызмат кылат.
Ошол эле учурда, судьянын кол тийбестиги судьяга абсолюттук кол тийбестикти берүүнү көздөбөй тургандыгын эске алуу керек. Жүйөөлүү негиздер болгон жана жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболор сакталган учурда судья мыйзамда белгиленген жазык жана башка жоопкерчиликти тарта алат жана тартууга тийиш.
Жазанын сөзсүздүгүнүн принциби укуктун үстөмдүгүнүн, өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоонун, мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдейлигин камсыз кылуунун, укук ченемдүү жүрүм-турумдун зарылдыгында жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуунун негизинде жатат. Демек, кылмыш жасаган ар бир адам, анын социалдык статусуна, кызмат ордуна жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан, эч кандай өзгөчөлүктөрсүз жана артыкчылыктарсыз, мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылууга жана өлчөмдөш жазаланууга тийиш.
КЖПКнын 144-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүш тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө түрүндө жүзөгө ашырылат жана Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып, ишти сотко жөнөткөнгө, кылмыш ишин кыскартканга же болбосо кылмыш ишин козгоодон баш тартканга чейин жүргүзүлөт.
КЖПКнын 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө, 153-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү баштоо боюнча жүйө алынган учурдан тартып Кылмыштардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө жана сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү токтоосуз баштоого милдеттүү. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө тергөөчү, прокурор бир катар алгачкы, кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүгө укуктуу. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча тергөөчү, прокурор жазык ишин козгоо же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Ошону менен Кылмыштардын бирдиктүү реестри кылмыштарды каттоо жана эсепке алуу, жазык-укуктук статистиканы түзүү максатында гана эмес, оболу кылмыш окуясын табуу жана кылмыштын издерин, ошондой эле токтоосуз тактоону жана алууну талап кылган далилдерди табуу жана белгилөө максатында КЖПКда так белгиленген кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүү боюнча механизмди расмий ишке киргизүү үчүн жүргүзүлөт. Бул тергөө аракеттерин жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу далилдердин жоголушуна, тиешелүү түрдө кылмыштын бетин ачуу жана күнөөлүүлөрдү аныктоонун мүмкүн болбой калуусуна алып келиши мүмкүн.
Ошентип, жазык иши козгоо стадиясынан баштап камтылган соттук иммунитет менен каралган атайын процессуалдык коргоо чаралары судьяларды өзүм билемдик менен жазыктык куугунтуктоодон коргоо үчүн жетиштүү жана адекваттуу. Өз кезегинде, судьянын кол тийбестиги судья тарабынан кылмыш жасалган учурда жазасыз калуунун куралы катары кызмат кыла албайт, ошондой эле аны жасаган субъекттин укуктук статусуна карабастан кылмыштын ар бир фактысын табуу боюнча механизмдин нормалдуу иштешине тоскоол болбоого тийиш.