Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

 

2024-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аны Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.

Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда адвокаттар үчүн мамлекеттик тилди билүү, аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу милдетин талашылып жаткан ченем менен белгилениши адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу үчүн чектөө болуп саналат деп көрсөткөн.

 

Конституциялык сот өз Чечиминде Конституция менен кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекитилиши жөн жерден келип чыккан жок, ал кыргыздардын улуттук бирдейлигинин жана мамлекеттик өз алдынчалыгынын табигый өнүгүшүн чагылдырат деп белгилеген. Кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн конституциялык-укуктук атрибуту катары мамлекеттин уникалдуулугун камсыз кылуу менен анын ишмердүүлүгүнүн маанилүү куралы катары негизги ролду ойнойт. Бул ошондой эле кыргыз тили эмне үчүн салттуу түрдө эл тарабынан улуттук баарлашуунун негизги каражаты катары колдонулуп келе жатканын түшүндүрөт жана анын өлкөдөгү маданий турмуш жана социалдык өз ара аракеттенүү үчүн фундаменталдуу маанисин баса белгилейт.

Укуктук мамлекеттин конституциялык принциби жүрүм-турумдун жалпы эрежелерин жана бийликти жүзөгө ашыруунун алкагын белгилөө менен мамлекеттин иштеши жана анын жарандар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн фундаменталдык юридикалык негиздерди түптөйт (1-берененин 1-бөлүгү). Бул принциптин негизги аспектиси – Конституциянын үстөмдүгү, ага ылайык конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар (мындан ары – ЧУА) мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Мында мыйзам чыгаруучу мамлекеттик тилде чыгарылган актылар артыкчылыкка ээ экендигин жана түп нуска болуп эсептелээрин өзгөчө баса белгилейт («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 10-беренесинин 3-бөлүгү жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 6-беренеси).

Бул статустук бекитүү формалдуу гана таануу эмес, бардык мамлекеттик ишмердүүлүк, анын ичинде мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот иши мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн талап кылат.

 

Укуктук мамлекет принцибинин маанилүү түзүүчүсү Конституцияга жана эл аралык ченемдерге ылайык ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктерин таануу жана коргоону кепилдөө болуп саналат (23-берененин 1-бөлүгү). Мындай кепилдиктердин бири квалификациялуу юридикалык жардам алууга конституциялык укук болуп саналат (Конституциянын 61-беренесинин 4-бөлүгү).

Бул жобо коомдук юридикалык чөйрөгө тартылган мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик эмес институттардын ишинин маселелери боюнча жалпы мүнөздөгү мыйзам чыгаруу чараларын белгилөөгө мамлекеттин милдеттенмесин ырастайт. Ошентип, юридикалык кызматтарды көрсөтүү коомдук кызыкчылыкка кызмат кылат жана тиешелүү түрдө коомдук-укуктук мааниге ээ болот. Бул аны сот бийлигинин институттарынын, ошондой эле ар кандай социалдык чыр-чатактарды чечүүгө багытталган башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес механизмдердин иштешинен ажырагыс кылат.

Ошентип, адвокаттар квалификациялуу, анын ичинде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча миссияны өзүнө алуу менен жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттин конституциялык милдеттенмелерин ишке ашырууда негизги ролду ойнойт.

Мыйзам чыгаруучу жогоруда белгиленген факторлордун маанилүүлүгүн эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» жана «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамдарда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жөнгө салуунун тартибин аныктады. Жогоруда белгиленген актыларга ылайык, квалификациялуу юридикалык жардам өзүнө жазык, жарандык, административдик иштер жана сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана/же өкүлчүлүк кылуу боюнча адвокаттын кесиптик ишин камтыйт. Ал эми «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинде аныкталгандай, сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек.

Мамлекеттик тилди сот өндүрүшүнүн негизги тили катары белгилөө кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндө Конституциянын ченеминен түздөн-түз келип чыгат (13-берененин 1-бөлүгү).

Бул контекстте адвокаттардын мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүүсү сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылууда жана сот процессинин катышуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин талаптагыдай коргоодо алардын ролун гана белгилебестен, ушул Чечимде белгиленген конституциялык маанилүү максаттарды да чагылдырат.

Ошентип, мыйзам чыгаруучунун адвокаттардын кызматтык милдеттеринин чегинде мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндөгү талабы ушул маанилүү максаттар менен талап кылынат жана алардын ишмердүүлүгүн чектөө катары каралышы мүмкүн эмес. Укуктук карама-каршылык абалындагы же аларга өзүнүн турмуштук маанилүү кызыкчылыктары менен кайрылган жана атайын билими бар адам катары аларга ишеним артууга даяр субъекттерге укуктук жардам көрсөткөн адвокаттар мамлекеттик тилдеги мыйзамдарды билүүгө өзгөчө маани берүүгө милдеттүү, анткени мыйзамдардын жана башка ЧУАлардын ченемдерин колдонуу жана апелляциялоо анын ишиндеги эң башкы инструмент болуп саналат.

 

Мындан тышкары, каралып жаткан конституциялык Мыйзам процессуалдык мыйзамдарга ылайык сот өндүрүшүндө расмий тилди колдонуу мүмкүнчүлүгүн да белгилейт (7-берене).

 

Муну менен мыйзам чыгаруучу сот өндүрүшүнүн бардык катышуучулары үчүн универсалдуу эрежени бекитет, ал сот өндүрүшүнүн бардык формаларында колдонулат.

Ошентип, мамлекеттик тилди киргизүү тартибин учурдагы укуктук жөнгө салууда талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келет деп таанылышы мүмкүн эмес жана адвокаттык иш сыяктуу коомдук маанилүү функцияларды аткаруу үчүн зарыл талап катары бааланууга тийиш.

Мамлекеттик тилди билүү талабы бардык адвокаттар үчүн токтоосуз милдеттүү болуп саналбайт, мамлекет аны өздөштүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берген шартта ишке ашырылат. Бул мамиле талаптардагы адилеттүүлүктү камсыз кылат жана бардык кызыкдар тараптарга негизсиз кысым көрсөтпөстөн жаңы шарттарга көнүүгө мүмкүндүк берет.