Меню навигации+

А.Б. Сакимбаеванын кызыкчылыгын коргогон И.Н. Айткуловдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс  

2024-жылдын 27-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын аныктамасы менен А.Б. Сакимбаеванын кызыкчылыгын коргогон И.Н. Айткуловдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 397-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө жана 100-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө шайкештигин текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектинин позициясы

 

Арыздануучу талашылып жаткан ченемдер иш боюнча тарап статусуна ээ болбогон, бирок укуктары жана кызыкчылыктары сот чечимдери менен козголгон адамдарга апелляциялык даттануу мүмкүнчүлүгүн чектейт деп эсептейт.

И.Н. Айткуловдун пикири боюнча, КЖПКнын 397-беренесинин 2-бөлүгү анын апелляциялык даттануусун кайтарууга негиз болуп, А.Б. Сакимбаеваны соттук чечимге даттанууга укуктуу субъекттердин катарынан чыгарган. Мунун натыйжасында бир иштин экинчи ишке тийгизген фактылык таасири эске алынбай калган, бул процесстеги жоопкерчилик маселелерин ар тараптуу жана объективдүү кароого тоскоолдук жараткан.

 

Ошентип, арыз ээси соттун чечимдери менен укуктары жана кызыкчылыктары бузулган адамдар үчүн даттануу укугунун жоктугу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген укуктун үстөмдүгү, адам укуктарынын ажыратылбастыгы, тараптардын тең укуктуулугу, ошондой эле соттук коргоонун кепилдиктери сыяктуу конституциялык принциптерди бузат деп эсептейт (преамбула, 6-берененин 1, 2-бөлүктөрү, 23-берене, 61-берененин 1, 2-бөлүктөрү, 100-берененин 3, 5-бөлүктөрү).

 

Баяндалгандарды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.