“Интелмед” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн Н.С. Алымбаевдин өтүнүчү боюнча пресс-анонс
Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 21-февралындагы аныктамасы менен “Интелмед” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн Н.С. Алымбаевдин Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө, 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, 40, 41-беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектинин позициясы
Кайрылуу субъекти «Интелмед» ЖЧКсын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде жоопкерчиликке тартуу жана андан монополиялык кирешелерди өндүрүү мыйзамсыз деп эсептейт.
Арыз ээсинин айтымында, монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун натыйжасында алынган кирешелерди республикалык бюджетке чегерүү түрүндөгү чарбакер субъекттерге карата монополияга каршы орган тарабынан чараларды колдонууну караган талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келет.
Арыз ээси кирешелер мүлктүн бир бөлүгү болуп саналат жана чарбакер субъектинин менчиги катары таанылат, ошондуктан аны алып коюу сот тартибинде гана жүргүзүлүүгө тийиш деп эсептейт. Административдик органдар мүлктү алып коюу боюнча чечимдерди кабыл алууда сот органдары сыяктуу ыйгарым укуктарга ээ болбошу керек.
Андан тышкары, мындай чаралар монополияга каршы органга чарбакер субъектеринин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү боюнча дискрециялык ыйгарым укуктарды берет, бул алардын мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун толук ишке ашырууга тоскоолдук кылат.
Баяндалгандарды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.