А.О. Мамбетказиевдин кайрылуусу боюнча пресс анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 20-октябрындагы аныктамасы менен А.О. Мамбетказиевдин 2024-жылдын 9-февралындагы № 42 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 93-беренесинин Конституциянын 60-беренесинин 1-бөлүгүнө, 1-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 6-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуунун субъектисинин көз карашы:
Кайрылуунун субъектиси Мунапыс жөнүндө мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган мунапыс актысын аткаруунун алты айлык мөөнөтүн белгилөө адамдардын кыйла жеңилдетилген мыйзамды колдонууга болгон укугун чектейт жана кылмыш жоопкерчилигин жеңилдетүүчү мыйзамдын, убакыттык чектөөсүз өткөн мезгилге карата колдонулбай тургандыгын караган Конституциянын 60-беренесине карама-каршы келет деп көрсөткөн.
Мындан тышкары, арыз ээси Мунапыс жөнүндө мыйзамдын, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстеринин жоболорунун дал келбестигине көңүл бурат, бул, анын пикири боюнча, укуктук аныксыздыкты жаратат жана мыйзамдуулук, гуманизм жана мыйзам алдында бирдейлик принциптерин бузат.
Ал ошондой эле, орун алган дал келбөөчүлүктүн натыйжасында мунапыс институту иш жүзүндө жазадан бошотууга гана алып келээрин, ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 93-беренеси жазадан гана эмес, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууну, ошондой эле жазаны кыскартууну же жазанын жеңилирээк түрүнө алмаштырууну карайт деп белгилейт.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу арыз ээси талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.






