Меню навигации+

Т.А. Алмазбеков жана В.Е. Гусевдин кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2025-жылдын 29-декабрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 370-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Т.А Алмазбековдун жана В.Е. Гусевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъекттеринин позициясы

 

Кайрылуунунсубъекттеримыйзам чыгаруучу тарабынан белгиленген ченем жарандын так жана негиздүү соттук чечимдерди алуу укугун иш жүзүндө чектейт деп эсептешет.Мындай ыкма, алардын пикири боюнча, кассациялык даттануу институтун анын укуктук дайындалышынан ажыратат, анткени арыз ээси келтирилген жүйөөлөргө жооп албайт жана натыйжада натыйжалуу соттук коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.Бул, арыздануучулардынырастоосубоюнча, укуктук аныктык принцибин бузат жана Конституциянын 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, ал ар бир адамга өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого, ошондой эле бузулган укуктарын бардык мыйзамдуу ыкмалар менен калыбына келтирүү укугуна кепилдик берет.

 

Өтүнүчтүнавторлорукассациялык инстанциядагы соттун чечимдерин жүйөлөмө милдетинин жоктугу процесстик кепилдик системасын алсыратып, соттук жоопкерчиликтин деңгээлин төмөндөтүп, мыйзамдуулуктун жана сот адилеттигине ишенимдин принциптерин бузат деп баса белгилешет.

 

Мындан тышкары, арыздануучулар талашылып жаткан ченем Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактта, Адам укуктарынын жалпы декларациясында, ошондой эле Адам укуктары боюнча Европа сотунун практикасында бекемделген адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарына карама-каршы келерин көрсөтүшөт, ага ылайык соттук чечимдердин жүйөлүүлүгү адилеттүү соттук териштирүү укугунун ажырагыс элементи болуп саналат.

 

Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранышат.