Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К. Асаналиевдин сунуштамасы боюнча пресс-анонс

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 27-февралындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К. Асаналиевдин Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 552-беренесинин 1-бөлүгүнүн Конституциянын 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Талашылып жаткан ченемге ылайык, апелляциялык инстанция укук бузуулар жөнүндө иш боюнча биринчи инстанциядагы соттун токтомуна берилген даттанууну кароонун жыйынтыгы менен токтомду өзгөртүүсүз калтырууга же аны жокко чыгарып, иш боюнча өндүрүштү кыскартууга гана укуктуу. Мындай жөнгө салуу апелляциялык сотко ишти маңызы боюнча кайра карап, чечимди өзгөртүүгө же жаңы чечим кабыл алууга мүмкүндүк бербейт.

 

Кайрылууда апелляциялык инстанция укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча акыркы чекитти коючу инстанция болуп саналгандыктан, анын ыйгарым укуктарынын чектелиши жарандардын натыйжалуу соттук коргонууга болгон конституциялык укугун ишке ашырууга тоскоолдук

кылаары көрсөтүлгөн.

 

Конституциянын 61-беренесине ылайык, ар бир адам сот аркылуу укуктарын коргоого жана бузулган укуктарынын реалдуу калыбына келтирилишине укуктуу. Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди конституциялык эмес деп таанууну суранууда.