Меню навигации+

Н.Ж. Жаныбековдун жана С.А. Матцаковдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 9-мартындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 267-беренесинин 6-бөлүгүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Н.Ж. Жаныбековдун жана С.А Матцаковдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъекттеринин позициясы

 

КЖПКнын 267-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанылууга жатпайт.

 

Арыз ээлери адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктери укуктук жана демократиялык мамлекеттин негизин түзөрүн, инсандын укуктук статусун жана мамлекеттин жеке жашоо чөйрөсүнө кийлигишүүсүнүн жол берилүүчү чектерин аныктай турганын баса белгилешет. Алардын мазмуну эркиндикти, кадыр-баркты жана инсандын корголушун камсыздоого багытталган.

 

Көрсөтүлгөн укуктар бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө сакталууга тийиш болгондуктан, аларды ишке ашыруу коргоонун натыйжалуу механизмдеринин болушун болжолдойт. Буга байланыштуу соттук коргоого болгон укук жөнүндөгү конституциялык кепилдик өзгөчө мааниге ээ (Конституциянын 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү). Ушундан улам, соттук коргоого болгон укук конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун жана алар бузулган учурда калыбына келтирүүнүн зарыл кепилдиги катары каралат.

 

Ошентип, арыз ээлери талашылып жаткан ченем тиешелүү соттук актыны жогору турган сот инстанциясы тарабынан кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат деп эсептешет.

 

Жогоруда айтылгандарды эске алып, арыз ээлери талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы деп таанууну өтүнүшөт.