Меню навигации+

А.Т. Ниязалиеванын кызыкчылыгын жактаган А.К. Акматбекованын жана М.Б. Султаналиевдин өтүнүчү боюнча пресс-анонс.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 9-мартындагы токтому менен А.Т. Ниязалиеванын кызыкчылыгын жактаган А.К. Акматбекованын жана М.Б. Султаналиевдин  “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 4 жана 5-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн  текшерүү жөнүндө  өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъекттеринин позициясы

 

Арыз ээлери белгилегендей, талашылып жаткан жоболор Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Этика боюнча комиссиясы адвокаттарга эскертүү жана сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза чараларын колдонууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине адвокаттын лицензиясынын колдонулушун токтотуу же андан ажыратуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу экендигин карайт.

 

Арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан жөнгө салуу Этика боюнча комиссияга лицензиянын колдонулушун токтотуу же андан ажыратуу жөнүндө сунушту өз алдынча таасир этүү чарасы катары же тартиптик жазага кошумча чара катары колдонууга жол берет, бул ченемдин укуктук аныксыздыгы жөнүндө  күбөлөндүрөт жана мындай чечимдер адвокат үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгонуна карабастан, анын эркин чечмеленишине жана ар кандай укук колдонулушуна шарт түзөт.

 

Мындан тышкары, арыз ээлери талашылып жаткан жоболор Этика боюнча комиссиянын чечими, Юстиция министрлигинин буйругу же алардын өз ара байланыштагы бул эки акты тең соттук тартипте даттанууга жатабы, так аныктоого мүмкүндүк бербейт, анткени бирдиктүү жол-жоболоштуруунун алкагында алардын укуктук маанисин ажыратпайт деп белгилешет. Бул, кайрылуу субъекттеринин пикири боюнча, ар-кандай сот өндүрүшүндө параллелдүү даттанууга жол берет, натыйжада өз убагында жана натыйжалуу соттук коргоого болгон укук бузулат.

 

Баяндалганды эске алуу менен арыз ээлери талашылып жаткан жоболорду Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп табууну өтүнүшөт.