«Эйр Манас» Авиакомпаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусу боюнча пресс-анонс
Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 25-мартындагы аныктамасы менен «Эйр Манас» Авиакомпаниясы» ЖЧКсынын Кыргыз Республикасынын «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесинин төртүнчү абзацын жана 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектинин позициясы
Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамы менен 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата төлөнбөгөн транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча карызды эсептен чыгаруу каралганын белгилейт. Мында баштапкы редакцияда эсептен чыгарууга тоскоолдук кылуучу жагдайлардын катарына өндүрүү жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын болушу киргизилген эмес.
Арыз ээси белгилегендей, кийинки 2025-жылдын 31-декабрындагы
№ 262 Мыйзамы менен карызды эсептен чыгарууга тийиш болгон адамдардын катарынан аларга карата өндүрүү жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы бар салык төлөөчүлөр чыгарылган, муну менен катар көрсөтүлгөн өзгөртүүлөргө 2025-жылдын 5-августунан тартып өткөн мезгилге карата күч берилген.
Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, талашылып жаткан жоболорго өткөн мезгилге карата күч берилиши анын укуктук абалынын начарлашына алып келген, анткени мурда колдонулуп келген жөнгө салууга ылайык ал ишене алган карызды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү артка карай тартипте жокко чыгарылган. Арыз ээси ушундай жол менен ага карата ретроспективдүү түрдө кыйла жагымсыз укуктук кесепеттер белгиленген деп эсептейт, бул анын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө каршы келет.






