Меню навигации+

Ф. Б. Кубаеванын кызыкчылыгын көздөгөн  М. Е. Бакытованын  өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 27-апрелиндеги аныктамасы менен Фатима Борисовна Кубаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Малика Ерлановна Бакытованын Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 55-беренесинин 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуунун субъектисинин позициясы

 

Кайрылуунун субъектиси мурас калтыруучунун каза болушунан улам жана мурас иши ачылгандан кийин мураскорлордун курамы боюнча маселе келип чыккандыгын, ушуга байланыштуу аталык тууралуу жазуунун мурастык мүлктү бөлүштүрүүгө тийгизген таасири аныкталгандыгын көрсөткөн. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 55-беренесинин 1-бөлүгү аталык тууралуу жазуу маселелери боюнча сотко кайрылууга укугу бар жактардын чөйрөсүн аныктоо менен, мындай жазуу укуктарына түздөн-түз таасир эте турган бардык субъекттерди камтыбайт. Кайрылууда, кызыкдар жактар үчүн аталык тууралуу жазуунун мыйзамдуулугун сот тартибинде текшерүүнү демилгелөө боюнча процессуалдык мүмкүнчүлүктүн жоктугу, эгерде мындай жазуу мүлктүк жана мурастык укук мамилелерине таасир этсе, алардын укуктарын натыйжалуу коргоого тоскоол болушу мүмкүн деп белгиленген.

 

Арыз ээсинин пикири боюнча, бул укуктук аныксыздыкты, анын ичинде сот адилеттигине жетүү, мурастоо укугун ишке ашырууда жана мыйзам менен сот алдында бардыгынын бирдейлиги принцибин ишке ашырууда аныксыздыкты жаратат.

 

Баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 55-беренесинин 1-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесине, 15-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө, 23-беренесинин 1, 4 жана 5-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, ошондой эле 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.