Ибраим Дуйшенович Мусаевдин кайрылуусу боюнча пресс-анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 7-июлундагы аныктамасы менен Ибраим Дуйшенович Мусаевдин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 216-беренесинин 2-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинын 5-бөлүгүнө, 23-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 61-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуунун субъектисинин позициясы
Кайрылуунун субъектиси калыптанган сот практикасы жеке адамдардан бажы төлөмдөрүн өндүрүү жөнүндө бажы органдарынын талаптарына доонун эскирүү мөөнөтүн же башка чектөө мөөнөтүнүн колдонулушун жокко чыгарат, ал эми мөөнөттүн башталышын төлөмдөрдү төлөбөгөндүгүн бажы органынын өзү аныктаган учур менен байланыштырат деп көрсөтөт.
Арыз ээсинин пикири боюнча, мындай укуктук жөнгө салуу бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет пайда болгондон көп убакыт өткөндөн кийин талаптарды коюуга жол берет, мамлекеттин өндүрүү жүргүзүүгө укугун ишке ашыруусун бузуу аныкталган учурдан көз каранды кылат жана укуктук аныксыздык абалды жаратат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуунун автору талашылып жаткан ченемдерди укук колдонуу практикасында аларга берилген чечмелөөдө Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.






