Меню навигации+

КЫДЫРАЛИЕВА Бакыт Амантуровна

kydyralieva

Конституциялык соттун судьясы
Туулган күнү жана жери: 1976-жылдын 6-сентябры, Түп айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин «Юриспруденция» адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:
• 2000–2001-жж. — Бишкек шаарынын Свердлов районунун адвокаттар коллегиясынын юридикалык консультациясынын адвокаты.
• 2001–2004-жж. — Бишкек шаарындагы «Юридикалык жардам» коомдук фондунун адвокаты.
• 2004–2008-жж. — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин бөлүмүнүн улук консультанты.
• 2008–2019-жж. — Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) укуктук жана конституциялык маселелер боюнча эксперти.
• 2016–2022-жж. — Бишкек шаарындагы Чүй аймактык адвокаттар коллегиясынын адвокаты.
• 2022–2025-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңешинин мүчөсү.
• 2023-жылдан тартып — «Коргоо линиясы» коомдук укук коргоо фондунун эксперт-юристи.
• 2026-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Адвокаттар союзунун Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Кызматташтык үчүн» медалы, «Ардактуу адвокат» медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.