Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Э.Б.Барыктабасованын суроо-талабы боюнча пресс-анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 21-сентябрындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Э.Б.Барыктабасованын “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (2019-жылдын 24-апрелиндеги редакциясындагы № 52) 3, 5, 77 жана 83-беренелеринин жоболорунун Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары – ЕАЭБ БК, 2018-жылдагы редакциясындагы) 14-беренесинин 7-пунктунун 11-пунктчасына, 457-беренесине тутумдук өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 61-беренесинин 2-бөлүгүнө шайкештигин текшерүү жөнүндө суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Судья бажы төлөмдөрүн төлөө милдетинин келип чыгышы жана аларды өндүрүп алуу мөөнөттөрүн эсептөө маселесинде укуктук аныксыздык бар экендигин белгилейт. Анын пикири боюнча, мындай мөөнөттүн башталышын бажы органы тарабынан төлөбөө фактысы аныкталган учурга жараша белгилөө тиешелүү милдеттенмени аткаруунун чектүү мөөнөттөрүн аныктоодо укуктук аныксыздыкты жаратышы мүмкүн.
Мындан тышкары, судья кийинки мыйзамдардын, эгерде ал адамдын укуктук абалын начарлатса, укуктук аныктык жана мыйзамдын өткөн мезгилге карата колдонууга жол берилбестик талаптарын бузса, мурда келип чыккан милдеттенмелерге колдонууга жол берилиши жөнүндө маселени коёт.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу судья талашылып жаткан укуктук жөнгө салуунун ЕАЭБ БК жоболору менен өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнөт.






