Меню навигации+

Азизбек Анарбекович Досмамбетовдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 22-сентябрындагы аныктамасы менен А.А.Досмамбетовдун Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2026-жылдын 10-июлундагы аныктамасына берген даттануусу канааттандырылды жана  анын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө жана 96-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуунун субъектисинин позициясы

 

Арыз ээси талашылып жаткан ченем конкреттүү ишти кароодо аныкталган бузууларга байланыштуу судьяга карата жогору турган соттун жеке аныктама чыгаруусуна, ошондой эле мындай актыны тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүүгө жол берерин көрсөтөт.

 

Анын пикири боюнча, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьянын аракеттерин баалоону камтыган жеке аныктама жагымсыз кесепеттерге, анын ичинде тартиптик өндүрүштү козгоого жана судьянын кесиптик ишине баа берүүдө бул жагдайды эске алууга алып келиши мүмкүн. Арыз ээси, бул соттук чечимдерди кабыл алууда судьяга  чектөөчү таасир көрсөтүүгө жана анын көз карандысыздыгынын конституциялык кепилдиктерине доо кетирүүгө жөндөмдүү деп эсептейт.

 

Арыз ээси ошондой эле инстанциялык контролдоо тартибинде оңдолууга жаткан соттук каталарды жана түздөн-түз судьяга карата атайын чара көрүү үчүн негиз боло турган мыйзамды ачык-айкын, одоно бузууларды айырмалоо зарыл деп эсептейт.

 

Мындан тышкары, ал “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамда мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана кызмат адамдарынын жетекчилеринин дарегине карата жеке аныктама чыгаруу каралгандыгына көңүлдү бурат. Ошол эле учурда судьяга карата мындай аныктама чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе конституциялык-укуктук баа берүүнү талап кылат.

 

Баяндалгандарды эске алуу менен, арыз ээси  талашылып жаткан жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.