Меню навигации+

Айнура Жумабаевна Калпаеванын кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2026-жылдын 28-сентябрындагы аныктамасы менен А.Ж. Калпаеванын Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 48-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “же чөйрөсү аныкталбаган жактардын” жана “мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболорунун, 49-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “чөйрөсү аныкталбаган жактардын” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобонун, 134-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “прокурор, … берүүчү арызда …” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө, 23-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Арыз ээси кайрылуусунун предмети катары жеке укуктук мүнөздөгү мүлктүк мамилелерде мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды, ошондой эле чөйрөсү аныкталбаган жактардын кызыкчылыктарын коргоо максатында прокурордун жарандык сот өндүрүшүнө катышуусунун жетиштүү ченемдик чектеринин жоктугун белгилейт.

 

Арыз ээсинин пикиринде, талашылып жаткан жоболордо аталган категориялардын мазмуну, алардын өз ара катышы жана колдонуу критерийлери ачыкталган эмес, ошондой эле прокурордун мүлктүк мамилелерге кийлигишүүсүнүн жетиштүү ченемдик чектери аныкталган эмес.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, А.Ж. Калпаева талашылып жаткан жоболорду өзү белгилеген ченемдик аспектте Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну, ошондой эле мыйзамда түздөн-түз каралган негиз жана коомдук кызыкчылыктын тийиштүү түрдө негизделбеген учурда жеке мүлктүк укуктар жөнүндө талаштарда аларды кеңири чечмелеп колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган конституциялык-укуктук маанисин аныктоону суранат.