Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ
2015-жылдын 4-мартында Конституциялык палата, «өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен» деген сөздөрү менен берилген КР ЖПКнын 325-беренесинин ченемдик жобосу, актоочу өкүмгө тиешелүү бөлүктө КР Конституциясынын 24-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 26-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп чечим чыгарды.
Конституциялык палатага жаран Н.А. Токтакуновдун соттолуучу акталганда, ошондой эле жаза белгиленбестен айыптоо токтомун чыгаруу менен же жазаны өтөөдөн бошотуу менен, же шарттуу соттоо менен, же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш-жаза ишин токтотуу менен камакта кармалып турган соттолуучу өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен токтоосуз бошотуулары КР ЖПКнын 325-беренесинде каралган ченемдик жобосун конституциялык эмес деп таануу жѳнүндѳ өтүнүчү менен кайрылган. Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, талашка түшкѳн ченем эркиндикке болгон укукту, күнөөсүздүк жоромолун жана жарышуу принцибин жана жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Конституциянын ченемдери менен кепилдик берилген тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугун бузат, анткени биринчи инстанциядагы соттун өкүмү, даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет жана аткарылуу үчүн жиберилүүгө тийиш.
Н.А. Токтакунов сот жыйналышында ѳзүнүн талабын колдоп «өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен» деген сөздөрү менен берилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин ченемдик жобосун конституциялык эмес деп таанууну өтүнөт.
Арыз берүүчүнүн өтүнүчтө келтирилген жана соттун жыйналышында айтылган далилдери актоочу өкүмгө гана тиешелүү экендигин жана талашка түшкөн ченем менен каралган соттун башка актыларына карата укуктук кѳз карашын жоктугун эске алуу менен Конституциялык палатанын бул иш боюнча кароо предмети Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин «өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу, актоочу өкүмгө тиешелүү бөлүктө болуп саналат.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жак катары чакырылган (Башкы прокуратуранын жана КР Жогорку сотунун) ѳкүлдѳрүн иш боюнча берген түшүндүрмѳлѳрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.
Конституция мамлекет менен адамдын кадыр-баркын тааныйт, аны менен бирге бул укукту анын кайсы максаттарында зарыл болсо ошончо өлчөмдөш жана мыйзам боюнча гана белгиленген тартипте чектөө мүмкүнчүлүгүнө жол берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк жоромолун далилдөө принциби сот адилеттигинин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Анын укуктук мааниси айыпталуучу анын күнөөсү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоочу өкүмүндө далилдене турган шартында гана күнөөлүү деп табылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес жана күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Ошол эле учурда соттолуучунун күнөөсүз экендиги тууралуу божомолдорду жокко чыгаруу айыптоочу тарапка жүктөлгөн.
Сот – мамлекеттин атынан тиешелүү чечим кабыл алып жана аны өкүмдө бекитүүгө укуктуу болгон жалгыз орган. Соттолуучунун күнѳѳсү ошол күнѳѳ коюу өкүм менен коюлат, анткени актоочу өкүм мамлекеттин жазык куугунтуктоодон толук баш тартуусун билдирет. Ошону менен бирге Жазык-процесстик кодексинин 316-беренесинде каралган негиздери боюнча актоо айыпталуучунун күнөөсүз экендигин моюнга алууну билдирет жана аны толук актоого алып келет.
Мамлекет жалпы маанидеги конституциялык максаттардан улам жазык жоопкерчилигине жазык-процесстик мыйзам менен жаза катары тартылган адамдарга эркиндикти жана жеке кол тийбестикти чектөөгө укуктуу.
Жаза катары камакта кармоо менен байланышкан маселелерди чечүүдө камака алуу айыпталуучуну (соттолуучуну) эркинен ажыратууда турган эң эле катуу жаза чарасы болуп саналарын эске алуу керек. Аны пайдалануу адамдын жана жарандын эркиндик жана укуктары менен кепилдик берилген жарандык эркиндик жана жеке кол тийбестик тармагына эң эле курч мүнөздө басып кирүү эсептелет.
Камакка алуу процесстик мажбурлоо чарасы болуп саналат жана жоопкерчилик чарасы катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал жасалган кылмыш үчүн эмес, айыпталуучу (соттолуучу) тарабынан процессуалдык мыйзам бузууларды жасоого бөгөт коюу үчүн каралат. Акталган адамга актоочу өкүм чыгаруу менен мыйзамдуу негиздер жок болсо да камакка алуу сыяктуу жаза чарасын пайдалануу эркиндик жана жеке кол тийбестикке карата конституциялык укуктарды дал келишпеген жана жөнсүз чектөө болуп саналат. Актоочу өкүм Жазык-процесстик кодекстин 316-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык соттолуучуну күнөөсүз деп таанууну билдиргендиктен сот ошону менен жаза чарасы катары камакка алууну тандоого негиз болгон кырдаалдар жок болду деп констатациялайт.
Соттун чечими боюнча күнөөсүз деп таанылган жарандын эркиндигинен жана жеке кол тийбестигинен ажыратуу же конституциялык укуктарынан ажыратуу конституциялык жана жазык-процесстик мыйзамдын концептуалдык негиздерине карама-каршы келет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Конституциялык палата КР ЖПКнын 325-беренеси «өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу, актоочу өкүмгө тиешелүү бөлүктө Конституциянын 24-берененин 1-бѳлүгүнѳ, 26-беренин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп тааныды.
Төрагалык кылган Мукамбет Шадыканович Касымалиев
Судья-баяндамачы: Айсалкын Омуралиевна Нарынбекова