Меню навигации+

ОСКОНБАЕВ Эмиль Жолдошевич

oskonbaev

Конституциялык соттун тѳрагасы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында 2011-жылдын 15-августунан баштап судья кызматында эмгектенет.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи

Улуту: кыргыз. Үй бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, бойго жеткен үч баласы – эки уул, бир кызы бар.

1964-жылы 1-январда Нарын шаарында туулган. 1981-жылы Чкалов атындагы №2 орто мектепти аяктаган, 1986-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1986-жылы сентябрда Нарын облусунун Тянь-Шань районунун сотунда стажер катары баштаган.

1987-жылдын август айында прокуратура органдарына кызматка өткөн. Кочкор районунун прокурорунун жардамчысы, республикалык прокуратуранын тергөө башкармалыгынын прокурору, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурорунун орун басары, Башкы прокурордун өзгөчө буйруктар боюнча улук жардамчысы болуп эмгектенген.

1993-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы, кийин аппараттын жетекчиси болуп иштеген.

1995-жылы октябрда мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы теңдиктин бузулушуна алып келген жана бекитилген тартипти бузуу жолу менен Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы аракеттери ийгиликсиз аяктагандыктан мамлекеттик кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

2010-жылдын апрель окуяларына чейин өзүн моралдык жана этикалык көз караштары боюнча мамлекеттик кызматта иштешин мүмкүн эмес деп эсептеген.

Коммерциялык уюмдарда иштеп жатып, өзүнүн ошол эле учурда коомго пайдалуу ишти уюштуруунун керектиги жөнүндө жыйынтыкка келген. 1999-жылы катарлаштары менен биргелешип «Паритет» адвокаттык конторасын негиздеген жана ал жерде 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына судья болуп шайланганга чейин башкы директор болуп эмгектенген.
Биринчи күндөн тартып, аракеттеги Конституциянын долбоорун иштеп чыгууда жана калк арасында анын жоболорун түшүндүрүү иштерине катышкан.
Жогорку квалификациялык класстагы судья
Кызыкканы: философия, музыка жана спорт.