Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актылары
Конституциялык палата актыларды чечимдер, корутундулар, токтомдор жана аныктамалар түрүндө кабыл алат.
Чечимдер – мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карам-каршы келген учурда аларды Конституцияга алайык келбейт деп, Конституциялык палата кайрылууларды кароонун натыйжасында кабыл алынат.
Корутундулар – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдер конституциялуулугу тууралуу Конституциялык палата кайрылууларды кароонун натыйжасында берилет, жана Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу долбооруна берилет.
Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат жана Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана судьялары тарабынан кол коюлат.
Конституциялык палатанын башка актылары токтом, өзүнчө же протоколдук аныктама түрүндө кабыл алынат.
Конституциялык палатанын актылары кеңешме бөлмөсүндө ар бир судьяны атап, сурап ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Конституциялык палатанын актысы эгерде аны жактап жыйналышка катышкан судьялардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Бир дагы сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда, төрагалык кылуучу добуштардын көпчүлүгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет.
Чечимди же корутундуну кабыл алууда добуштар тең бөлүнүп калган учурда, чечим же корутунду конституциялуулугу талашылып жаткан актынын пайдасына кабыл алынат. Башка актыларды кабыл алууда добуштар тең чыкса, төрагалык кылуучу добуш берген акт кабыл алынды деп эсептелинет.
Конституциялык палатанын актысы негиздүү жана жүйөөлүү болууга тийиш.
Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу аларга кол коюлгандан кийин токтоосуз Конституциялык палатанын ачык жыйналышында толук көлөмүндө жарыя кылынат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча чечимдин же корутундунун жүйөлөнгөн бөлүгүн түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө калтырылышы мүмкүн, бирок алардын резолюциялык бөлүгү ошол эле жыйналышта жарыя кылынат.
Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө же аны кабыл албоо тууралуу аныктамадан тышкары, Конституциялык палатанын актылары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары жарыяланган учурдан тартып, ал эми башка актылары кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн конституциялык эмес деп табуу жөнүндө чечимдин юридикалык күчү ошол эле мазмундагы ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн кайра кабыл алуу менен жоюлуп кетиши мүмкүн эмес.
Конституциялык палатанын актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
Конституциялык палата тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин белгилөө тиешелүү мамлекеттик органдарын жана кызмат адамдарын сот актыларынан тышкары, аларга негизделген, алар тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды Конституцияга жана Конституциялык палатанын актыларына ылайык келтирүүнү милдеттендирет. Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция, ошондой эле Конституциялык палатанын чечими колдонулат.
Конституциялык эмес деп табылган, мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын ченемдерине негизделген сот актылары, укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир конкреттүү учурда ошол актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат.
Конституциялык палатанын корутундусу менен конституциялык эмес деп табылган күчүнө кире элек эл аралык келишимдер аракетке киргизилиши жана колдонулушу тийиш эмес.
Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылар кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына”, ал эми зарыл болгондо жана башка басылмаларда жарыяланат.
Конституциялык палатанын соттук актыларын аткарбоо, талапка ылайык эмес аткаруу, же аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.