Конституциялык сотко кайрылуу тартиби
Конституциялык сотко кайрылуу тартиби
Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө Конституциялык сотко кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) жеке же юридикалык жакка (жактарга), эгерде ал мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери бузулуп жатат деп эсептесе;
2) Президентке;
3) Жогорку Кеңешке;
4) Жогорку Кеңештин фракцияларына, депутаттык топторго;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары – Министрлер Кабинети);
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары – Жогорку сот);
7) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
8) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;
9) Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчысына);
10) Кыргыз Республикасынын судьясына (судьяларына).
Конституциянын ченемдерин расмий чечмелөө жөнүндө кайрылуу укугуна Президент, Жогорку Кенеш, Министрлер Кабинети, Жогорку сот ээ.
Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна Президент, Жогорку Кенеш, Жогорку Кенештин фракциялары, депутаттык топтор, Министрлер Кабинети ээ.
Мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы компетенция жөнүндө талашты чечүү тууралуу кайрылуу укугуна Президент, Жогорку Кенеш, Жогорку Кенештин фракциялары, депутаттык топтор, Министрлер Кабинети, Жогорку сот, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээ. Алар өздөрүнүн компетенциясына тиешелүү болгон бөлүгүндө гана сунуштама киргизе алышат.
Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө мыйзамдын долбооруна корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна Президент, Жогорку Кенеш, Жогорку Кенештин фракциялары, депутаттык топтор, Министрлер Кабинети, Омбудсмен (Акыйкатчы) ээ.
Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибин сактоо жөнүндө корутунду берүү тууралуу кайрылуу укугуна Президент, Жогорку Кенеш, Жогорку Кенештин фракциялары, депутаттык топтор, Министрлер Кабинети, Башкы прокурор ээ.
Конституциялык сотко кайрылуу жазуу жүзүндө берилет жана ыйгарым укук берилген адам (укук берилген адамдар) тарабынан кол коюлат.
Кайрылуулар, ошондой эле аларга тиркелген материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) Конституциялык соттун аталышы;
2) кайрылуучунун аталышы, дареги жана ага тиешелүү болгон башка зарыл маалыматтар;
3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүк учурларын кошпогондо, кайрылуучунун өкүлүнүн аталышы, дареги жана ыйгарым укуктары жөнүндө башка маалыматтар;
4) конституциялуулугу текшерилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актыга кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аты, дареги;
5) Конституциянын жана конституциялык Мыйзамдын Конституциялык сотко кайрылуу укугун берген ченемдери;
6) тарап өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана тарап баяндаган фактыларды ырастоочу далилдер;
7) талаш туудурган ченемдик актынын так аталышы, номери, кабыл алынган датасы, жарыяланган булактар жана башка реквизиттери;
8) конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн, кайрылууну кароого болгон конкреттүү негиздер;
9) кайрылуучунун коюлган маселе боюнча позициясы жана анын Конституциянын тиешелүү ченемдерине шилтеме жасалган укуктук негиздемеси;
10) Конституциялык сотко сунуштама, өтүнүч, суроо-талап коюуга байланыштуу кайрылган талап;
11) тиркелген документтердин тизмеги:
а) кайрылуучу тарапта жалпысынан же айрым бөлүгүнүн конституциялуулугу талаш туудуруп жаткан ченемдик укуктук актынын текстинин көчүрмөсү;
б) өкүлчүлүк кызмат орду боюнча жүргүзүлүүчү учурларды кошпогондо, ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу башка документ.
Зарыл болгон учурда кайрылууга Конституциялык соттун жыйналышына чакырылууга тийиш болгон адамдардын тизмеси, алардын даректери, ошондой эле башка документтер жана материалдар тиркелиши мүмкүн.
Конституциялык сотко келип түшкөн кайрылуулар милдеттүү түрдө алар келип түшкөн күнү катталууга тийиш.
Келип түшкөн кайрылуу Конституциялык соттун төрагасы тарабынан кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселе катталган учурдан тартып отуз күндүн ичинде чечүү үчүн Конституциялык соттун үч судьядан турган коллегиясына берилет.
Коллегия төмөнкү учурларда кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат:
1) эгерде кайрылуу формасы жана мазмуну боюнча ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;
2) эгерде кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө;
3) эгерде кайрылуу тараптын Конституциялык сотто иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктары жок өкүлү тарабынан берилсе, же болбосо ушул конституциялык Мыйзамда каралбаган адам өкүл болуп саналса;
4) эгерде кайрылууда билдирилген талап Конституциялык сотко караштуу болбосо;
5) эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуугу мурда текшерилсе жана өзүнүн күчүн сактаган акт болсо;
6) эгерде кайталап берилген кайрылууда талаш туудуруп жаткан ченемдик укуктук актыга тиешелүү болгон жаңы аргументтер жана жүйөлөр жок болсо.
Конституциялуулугу талаш туудуруп жаткан актыны жокко чыгаруу же анын күчүн жоготуусу кайрылууну Конституциялык соттун өндүрүшүнө кабын алуудан баш тартууга алып келет.
Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө, же болбосо аны кабыл алуу тууралуу аныктама тараптар жагынан үч айдын ичинде Конституциялык сотко даттанылышы мүмкүн.
Ѳтүнүчтүн үлгүсүн жүктөп алуу