КР Президентинин туруктуу өкүлү
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү
Молдобаев Алмазбек Тавалдыевич
1973-жылы 9-февралда Фрунзе шаарында туулган.
1995-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
1999-жылы Россия Федерациясынын коргоо министрлигинин Аскердик- дипломатиялык академиясын аяктаган
2002-жылы Россия Федерациясынын коргоо министрлигинин Аскердик университетинин адьюнктурасын аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1996-1997-жж. – Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун Төрагасынын жардамчысы;
1997-1999-жж. – Россия Федерациясынын коргоо министрлигинин Аскердик-дипломатиялык академиясынын угуучусу;
1999-2002-жж. – Россия Федерациясынын коргоо министрлигинин Аскердик университетинин адъюнкту;
2002-2004-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эксперти;
2004-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен байланыштар боюнча тобунун эксперти;
2006-2015-жж. – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;
2016-2019-жж. – эксперт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы, сектор башчысы;
2019-2023-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бөлүм башчысы;
2023-жылдын 16-январынан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун тескемеси менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
юридика илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, юстициянын полковниги.
үй-бүлөлүү, беш баласы бар.