Меню навигации+

КР ЖК туруктуу өкүлү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү

Ысыранов Самат Кыштообекович.

1987-жылы 5-майда Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылында туулган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетин бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2010-жылдын 21-февралынан тартып 15-октябрына чейин – Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун экспертизалоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2010-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2012-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгынын башкы адиси;

2017-жылдын 28-февралынан тартып 6-сентябрына чейин – Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын начальнигинин м.а.;

2017-жылдын 6-сентябрынан тартып 27-ноябрына чейин – Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгынын башкы адиси;

2017-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун башкы адиси;

2018-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти;

2021-жылдын 5-январынан тартып 5-апрелине чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин сектор башчысы;

2021-2023-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын консультанты;

2023-жылдын 6-мартынан тартып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н. Шакиевдин тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын Ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин профсоюз комитетинин Ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин 3-даражадагы «Синерген эмгеги үчүн» медалы;

“Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалы;

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгиси

1-класстагы юрист, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү жөнүндө жобо