Меню навигации+

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмесинин директору Т.А. Исмаилованын кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 3-ноябрындагы токтому менен «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмесинин директору Т.А. Исмаилованын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

Арыздануучунун позициясы

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КРМ 17-бер. 2, 3-бөл. ылайык коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт.

Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 14-берененин 1-бөлүгүнө ылайык юридикалык жак салык органына бир жыл бою отчет бербей келген учурда салык органы аны мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Арыздануучунун пикиринде, коммерциялык эмес уюмдардын тиешелүү отчетту тапшыруу зарылдыгы алардын функционалдык көз карандысыздыгына тоскоол болууда, бул биригүү эркиндигине болгон укуктун чектелишине алып келет.

Исмаилова Т.А. салык органына отчет берүү жана коммерциялык сырды жоюу сыяктуу оорчулуктар түрүндөгү чектөөлөр басмырлоочу болуп саналат, анткени алар башка коомдук бирикмелерге, саясий партияларга, кесиптик бирликтерге, диний уюмдарга жана кооперативдерге, ошондой эле коммерциялык уюмдарга жайылтылбайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугун текшерип берүүнү суранат.