К.С. Бакиевдин кызыкчылыгын көздөгөн И.Н. Айткуловдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс
Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 9-декабрындагы аныктамасы менен К.С. Бакиевдин кызыкчылыгын көздөгөн И.Н. Айткуловдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 243, 251, 253-беренелеринин, 256-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын “Тергөөчү процесстин катышуучуларын кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыргандан жана алардын өтүнүчтөрү чечилгенден кийин айыптоо актысын түзөт” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун, 296-беренесинин 6-бөлүгүнүн, 412-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 421-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласына, 1-беренесинин 1-бөлүгүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 59-беренесинин 3-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 100-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Кайрылуу субъектиси КЖПКтын талашылып жаткан ченемдеринде тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун көрсөтөт, бул анын пикири боюнча, айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат.
Арыз ээси укук колдонуу практикасынын тараптардын тең укуктуулугу принцибине ылайык келбегендигине көңүл бурат, бул айрым учурларда тергөө айыпталуучунун турган жери аныкталганга чейин токтотулуп, ал эми кээ бир учурларда укуктук аныксыздыкты жаратуу менен тергөө сырттан уланып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.
Ошондой эле ал тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык принциби кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар айыпталуучунун сырттан чыгарылган сот актыларын кайрадан каратуу жана процесстин бардык баскычтарына катышуу укугун кепилдөөсүн талап кылаарын көрсөтөт.
Кайрылуу субъектиси эгерде айыпталуучу апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда даттануунун бардык жол-жоболору аяктагандан кийин келсе, ал сырттан чыгарылган өкүмдү даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырай тургандыгын белгилейт. Натыйжада анын катышуусу жана бардык процессуалдык укуктарды камсыз кылуу менен сырттан чыгарылган сот актысын кайрадан кароо мүмкүн болбой калат, бул адилеттүү сот адилеттигин жокко чыгарат.
Бул жагдай адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде адилеттүү соттук териштирүү, бузулган укуктарын бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу калыбына келтирүү укугун бузат. Ошондой эле ал сот өндүрүшүндө тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык принциптерине карама-каршы келет.
Баяндалгандарды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.
«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Конституциялык сот жогоруда көрсөтүлгөн өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап чыгат жана өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде ал боюнча акт чыгарат.