Меню навигации+

«Канцлер» ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн Иван Викторович Плахутиндин өтүнүчү боюнча 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы аныктамасы менен «Канцлер» ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн И.В. Плахутиндин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Арыздануучунун көз карашы

Талашылып жаткан ченемге ылайык, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз болуп, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун, прокурордун, тергөөчүнүн актысы менен тастыкталган, мыйзамсыз же негизсиз сот актысын чыгарууга алып келген, күбөнүн же адистин атайын жалган көрсөтмөсү, эксперттин атайылап берген жалган корутундусу, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы эсептелет.

И.В. Плахутиндин пикири боюнча, талашылып жаткан ченем прокурордун, тергөөчүнүн актылары менен шектүүнүн атайын жалган көрсөтмө, атайылап берген жалган корутунду, атайылаган туура эмес котормо, документтердин же болбосо буюмдук далилдердин жалгандыгы үчүн күнөөсүнүн аныкталышына жол берүү менен, аларды соттун актыларына теӊөөдө.

Кайрылуу субъекти, реабилитациялабай турган негиздер боюнчакылмыш ишти токтотуу жөнүндө прокурордун, тергөөчүнүн токтому талашылып жаткан ченемге ылайык, соттук териштирүүсүз жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүсүз шектүүнүн күнөөсүн далилдейт жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн негиз боло алат деп белгилейт.

Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъекти мындай укуктук жөнгө салуу күнөөсүздүк презумпциясы, айыпты далилдөө түйшүгүн айыптоочу тарапка жүктөө, сот адилеттигин сот тарабынан гана жүзөгө ашыруу, мыйзамда каралган тартипте жана учурларда жарандардын сот адилеттигин ишке ашырууга катышуу принциптерин караштырган Конституциянын 57-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн, 94-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун бузат деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, И.В. Плахутин талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.