Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунуштамасы боюнча
Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы аныктамасы менен Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жана 2022-жылдын 28-сентябрындагы №328 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыктарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Конституциянын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ырааттуу иштөөсү жана аракеттенүүсү, ошондой эле мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын ажыратылышы тууралуу принциптерге негизделет. Ал эми анын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат деп белгиленген.
Кайрылуу субъектисинин пикиринде, бийликти бөлүштүрүүсүз жана тиешелүү эффективдүү токтотуп туруу жана тең салмак тутуму болмоюнча, укуктук мамлекет жана мыйзамдар болушу мүмкүн эмес. Мыйзам менен конституциялык принциптерге баш бербеген кандайдыр бир чексиз бийликтин пайда болушуна тоскоолдук болуп мамлекеттик органдардын ортосунда алардын бирин да бүтүндөй бийликке толук көлөмдө ээ кылдырбай бөлүштүрүүсү саналат.
Элдик Курултайдын макамы Конституцияда бекитилген жана бул органды мыйзамдаштыруу конституциялык мыйзамды кабыл алуу жолу менен камсыздалууга тийиш болгонуна карабастан, Президенттин Жарлыгы менен Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилген. Аталган жобого ылайык Бишкек шаарында 2022-жылдын 26-ноябрында 1072 делегаттан турган биринчи Элдик Курултай өткөрүлгөн.
“Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы Президенттин талашылып жаткан Жарлыгы менен Элдик Курултайды мыйзамсыз чакыруу, аны уюштуруу тартибин жана ишмердүүлүгүн бекитүү, резолюциясынын кабыл алынышы терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп белгилейт. Бул өз кезегинде мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга жана талкуулоого бардык жарандардын катышуусун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн өкүлчүлүктүү органдын маанилүүлүгүн жоготууга алып келет.
Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыктарын конституциялуу эмес деп таанууну суранууда.