Меню навигации+

М.М. Жорокуловдун “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын “анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда” деген сөздөр менен баяндалган 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 94-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 23-июнундагы аныктамасы менен М.М. Жорокуловдун “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын “анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда” деген сөздөр менен баяндалган 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 94-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды.

Кайрылуу субъектисинин позициясы:

Талапкер талашылып жаткан талап Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүдө тең укуктуулугу принциптерин бузат деп эсептейт, анткени бул талап соттук иш тажрыйбасы беш жыл болгон, бирок биринчи жана экинчи инстанцияларда иштеген тажрыйбасы жок талапкерлер үчүн тоскоолдуктарды жаратат.

Андан тышкары, талапкер Конституция биринчи жана экинчи инстанциядагы сотторду бөлүп көрсөтпөй, аларды жергиликтүү соттор деген бир түшүнүк катары бириктирерин, ошондой эле беш жылдык тажрыйбаны инстанциялар боюнча бөлүштүрүү талабын камтыбастыгын белгилейт.

Ушуга байланыштуу, анын пикиринде, бул норма укуктук белгисиздикти жаратып, судьялардын көзкарандысыздыгына таасир берип, адилеттүүлүк, пропорционалдуулук жана теңдик принциптерине каршы келет.

Баяндалгандарды эске алуу менен, арыздануучу талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.