Меню навигации+

М.М. Жорокулов, Н.У. Кочкоров жана Т.У. Музулмановдун Жарандык процесстик кодекстин 376-беренесинин Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы аныктамасы менен М.М. Жорокулов, Н.У. Кочкоров жана Т.У. Музулмановдун Жарандык процесстик кодекстин (ЖПК) 376-беренесинин Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.


ЖПКнын 376-беренесинде жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама берүү тартиби көрсөтүлгөн. Бул берененин ченемине ылайык, аталган арыз же сунуштама ишке катышуучу жактар тарабынан гана берилет. Арыз ээлеринин пикиринде, талашылып жаткан ченем соттун чечими укуктарына таасирин тийгизген үчүнчү жактардын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча арыз берүү укугун чектеп, процесстик теңсиздикти жаратууда.

Арыздануучулар, талашылып жаткан ченемдин терс таасирин көрсөтүү максатында, өзүлөрү туш болгон талашылып жаткан ченемдин укук колдонуу тажрыйбасынын мисал келтиришкен. Мында, соттун чечими укуктарына таасирин тийгизген үчүнчү жактар Ноокат райондук сотуна жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз менен кайрылган учурда, сот ЖПКнын 376-беренесине негизденип, арыз ээлери процесске катышуучулар болбогондуктан, арызды кабыл алуудан баш тарткан. Кайрылуу субъекттеринин пикири боюнча, мындай жагдай соттун чечими укуктарына таасирин тийгизген үчүнчү жактарды соттук коргонуу укугунан ажыратып, ишке катышкан жактарга карата тең эмес абалга коюуда.

Баяндалгандарды эске алуу менен, арыздануучулар талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшүүдө.