Меню навигации+

М.М. Жорокуловдун жана Т.У. Музулмановдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 26-сентябрындагы аныктамасы менен М.М. Жорокуловдун жана Т.У. Музулмановдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 267-беренесинин 5-бөлүгүнүн “Айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү, мындай чараны көрүү зарылдыгы болбой калганда, прокурордун, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясынын, ал эми соттук териштирүүдө судьянын, соттун токтому менен жокко чыгарылат” деген сүйлөм менен көрсөтүлгөн жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнөылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган.

Кайрылуу субъектилеринин позициясы

Кайрылуучу тарап КЖПКнын 267-беренесинин 5-бөлүгүндөгү сотко кайрылуу укугун прокурорго жана тергөөчүгө берүү менен кызмат ордунан убактылуу четтетилген жаранга тергөө судьясынын токтомун жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чектөө бул Баш мыйзамдагы соттук коргонуу укугунан ажыратууга барабар деп эсептейт.
Жогорудагынын негизинде, арыздануучулар талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшөт.