Меню навигации+

С.А. Матцаковдун жана К.Э. Осмоновдун өтүнүчтөрү боюнча пресс-анонс

 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 21-июнундагы жана 2024-жылдын 24-июнундагы аныктамалары менен С.А. Матцаковдун жана К.Э. Осмоновдун “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 45-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъектилеринин позициясы

 

Арыздануучулардын пикири боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мурда кабыл алынган актыларды так критерийлер жана шарттарысыз жокко чыгарууга мүмкүндүк берүүчү талашылып жаткан ченем Конституциянын 15-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө жана 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет. Бул ченем соттун чечимисиз жарандарды алардын мүлкүнөн ажыратуу үчүн колдонулушу мүмкүн, бул өз кезегинде менчикке кол тийгизбестик конституциялык принциптин бузулушуна жана мүлктөн мыйзамсыз ажыратуу коркунучунун жаралышына алып келет.

 

Кайрылуу субъектилери “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык менчиктин кызыкчылыктарын артыкчылык менен коргоого, жеке менчик ээлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын эске албай, алардын жеке менчикке болгон укуктарын бузууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.

 

Кайрылуунун авторлору талашылып жаткан ченем жеке менчикке болгон укукту сот чечими жок ажыратуу менен гана чектелбестен, Конституция тарабынан кепилденген өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугун бузат деп белгилешет.

 

Жогорудагынын негизинде, арыздануучулар талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшөт.