Меню навигации+

Нурбек Дуйшеналиевич Молдогазиевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө пресс-анонс

 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 20-майындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун  конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Нурбек Дуйшеналиевич Молдогазиевдин кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Кайрылуу субъектиcи процесстин атаандаштык принцибин камтыган адилет соттук териштирүүнүн жалпы концепциясы жоопкерден бул факт жөнүндө кабардар болушун талап кылат деп белгилейт. Адамдын соттук кабарламаны албоосу соттук териштирүүнүн жүрүшүндө анын таламдарын коргоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан соттор жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоонун маанилүү кепилдиктеринин бири –  анын ишин сотто кароодо катышуусун камсыз кылуу үчүн ишке катышуучу жактарга сот отуруму жөнүндө кабарлоо үчүн тиешелүү күч-аракеттерди жумшоого милдеттүү.

 

Ал эми талашылып жаткан ченемдерге ылайык, эгерде жеке жактын акыркы белгилүү болгон жашаган жери же юридикалык жактын жайгашкан жери боюнча жөнөтүлгөн кабарлама (чакыруу кагазы) көрсөтүлгөн дарек боюнча дарек ээсинин жоктугунан улам тапшырылбаса, ишке катышуучу жактар жана процесстин башка катышуучулары сот тарабынан талаптагыдай түрдө кабарланды деп эсептелет.

Ушуга байланыштуу арыз ээси мындай практика иш жүзүндө аны өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп эсептейт.

 

Жогорудагыларды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-беренесинин 7-пункту жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту   Конституциянын 23-беренесинин 1, 2, 4-6 бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.