Т.А. Алмазбековдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 6-октябрындагы аныктамасы менен Т.А. Алмазбековдун Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-1-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 51-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндөгү өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Кайрылуунун субъектиси талаштуу ченем улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган иш-аракеттер үчүн жарандыгын бир тараптуу түрдө жоготууга жол берээрин, бул өз укуктук мааниси боюнча мамлекет тарабынан санкция болуп саналарын жана негизинен жарандыгынан ажыратууну билдирет деп көрсөтөт. Анын пикиринде, мындай чара жарандыгынан ажыратууга конституциялык тыюу салууга каршы келет, укуктук тактыктын, мыйзам алдында тең укуктуулуктун принциптерин бузат жана апатридизмге алып келиши мүмкүн. Ошондой эле арыз ээси мыйзамда жарандыкты калыбына келтирүү механизмдеринин жоктугун жана эл аралык стандарттарга ылайык келбегендигин белгилейт.
Ушундан улам арыз ээси талашка түшкөн ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.