Т.А. Алмазбековдун жана Т.А. Малайбековдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс
Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын
10-октябрындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо Тартибинин 3-1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Т.А. Алмазбековдун жана Т.А. Малайбековдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуу субъекттеринин көз карашы
Арыздануучулар ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарынын жана электромобилдердин ээлери үчүн каптал айнектерди күңүрттөөгө уруксат алуу үчүн жыйымдын ар кандай өлчөмүн белгилөө объективдүү негиздемеге ээ эмес жана бир категориядагы адамдардын бирдей эмес абалына алып келет деп белгилешет.
Алардын пикири боюнча, мындай айырмачылык конституциялык маанидеги максаттарды көздөбөйт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинде бекитилген теңдик жана басмырлоого жол бербөө принциптерин бузат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен арыздануучулар талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранышат.