Меню навигации+

В.В. Тепляковдун өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 13-январындагы аныктамасы менен Тепляков Виталий Владимировичтин 2021-жылдын 28-октябрдагы №126 Мыйзамга ылайык күчүн жоготту деп таанылган «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктунун «в» пунктчасынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.


Кайрылуу субъектисинин позициясы:

Кайрылуу субъекти өзүнүн кайрылуусунда «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын натыйжасында, жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулмайынча кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча аны кыскартууга жол берилбейт деген ченем жоюлганын белгилейт. Бул ченем 2021-жылы жокко чыгарылган, бирок 2024-жылы кайрадан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине киргизилген.

Өз кезегинде, арыз ээси мындай кырдаал жабырлануучу тарапты басмырлоого алып келип, аларды иштери мурда жокко чыгарылган ченем колдонулган мезгилде каралган доогерлерге салыштырмалуу кыйла аз укуктук корголуу абалына коё тургандыгын белгилейт.

Мындан тышкары, кайрылуу субъектиси бул ченемдин жокко чыгарылышы адилеттүүлүк жана теңдик принциптеринин бузулушуна алып келгендигин белгилейт, анткени ал айыпталуучулар менен жабырлануучуларды бирдей эмес абалга коет.
Арыз ээси ошондой эле, жабырлануучу болуу менен доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен улам кылмыш ишинин токтотулушуна каршы чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын белгилейт, буга айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна албаган учурлар да кирет.

Арыз ээси бул жагдай анын адилеттүү соттук териштирүүгө укугун бузуп, айыпталуучуну артыкчылыктуу абалга коёт деп эсептейт. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, арыз ээси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.